Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Окутуу пункту баштапкы даярдыкбоюнча, календардык пландын негизинде КРнын ӨКМнин алдындагы ӨКМКАнин адистеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча окутууларды жүргүзөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы №33 Токтомуна ылайык мекемелердин, уюмудардын кызматкерлерин өрт коопсуздугуна ыктыярдуу өрт кошуундарын даярдоо боюнча окуутууларды өткөрөт. Өрт коопсуздугуна окутуу үчүн кайрылуу каты КРнын ӨКМнин алдындагы ӨКМКАнин директору полковник Н.А. Осмоналиевдин атына жазуу түрүндө кабыл алынат, даярдык тематикалык пландын негизинде жүргүзүлөт, убакыты, окуунун башталышы жана аякташы кайрылуу катына кол койулгандан кийин гана иш тартибинде койулат.

 

Агенттиктин функциялары

  Агенттик өз ишинде төмөнкүдөй негизги функцияларды жүргүзөт:

- өрт өчүрүү жана алдын алуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин, эрежелердин жана башка ченемдик документтердин же ушул талаптар белгилене турган долбоорлорун иштеп чыгат, карап чыгат жана макулдашат;

- курулуш объекттерин реконструкциялоонун жана кайра профилдөөнүн долбоордук документтерин жеке жана юридикалык жактардын расмий кайрылуусу боюнча жана эрежелерге шайкеш келүүсү жөнүндө корутундуну берүү менен өрткө каршы ченемге алып келет жана макулдашат;

- жеке жана юридикалык жактардын расмий кайрылуусуна жараша долбоордогу, курулуп, ошондой эле ишке киргизилип жаткан имараттардын, ошондой эле заттардын, товарлардын, материалдардын, орнотмолордун, агрегаттардын өрткө каршы ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги боюнча корутундуну тастыктоону жүргүзөт;

- өрттөрдү өчүрүү жана алдын алуу жаатында региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышат;

- жайларды, имараттарды, курулмаларды, орнотмолорду жана агрегаттарды өрттөн жана күйүүчү заттардан автоматтык коргоо тутумун жана каражаттарын киргизүү боюнча иштерди аткарат, кабыл алынган тутумдун ишке кирүүсүнө тиешелүү акт түзөт.

Ошондой эле Агенттик өзүнүн ишмердүүлүгүндө төмөнкү функцияларды аткарат:

1) Жөнгө салуу:

- өрт өчүрүү жана аны менен байланышкан куткаруу иштерин уюштурат жана жүзөгө ашырат.

- өрттүн жана анын залалдарынын эсебин алат;

- ыктыярдуу өрткө каршы түзүмдөрдү түзүүгө, чыңдоого жана ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт;

- өрткө каршы үгүт иштерин жүргүзөт;

2) Координациялоо жана өз ара аракеттешүү:

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, мекеме, ишканалар жана уюмдар менен биргеликте күчтөрдү жана каражаттарды өрт өчүрүүгө тартуу тартибин иштеп чыгып, күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын контролдойт;

- өрт өчүрүүдө ведомстволук, ыктыярдуу жана башка өрткө каршы түзүмдөрдү, өрт өчүрүүгө тартылган башка күчтөрдү жана каражаттарды оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;

- мобилизациялык иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө белгиленген башка функцияларды аткарат;

- өзүнө материалдык-техникалык камсыздоону жүргүзөт, каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн маселелерин өз алдынча чечет.

3) Кызмат көрсөтүү:

- өрт коопсуздугунун чаралары боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматкерлерди, студенттерди, окуучуларды окутуу;

4) Колдоо:

- Агенттиктин кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону, квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштурат жана жүзөгө ашырат, окуу процессинде программалык-усулдук камсыздоону жүргүзөт;

- мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип өзгөчө кырдаалда жабыр тарткан калктын баштапкы тиричилигин камсыздоо боюнча иштерди уюштурат;

- өзгөчө кырдаалдарда өрттүн алдын алуу жана өчүрүү аракеттери боюнча үгүт иштерин жүргүзөт жана билимдерди жайылтат.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигтинин Окутуу пунктунун кызмат көрсөтүүлөрү

Окутуу пункту жөнүндө маалымдамат

Арыздын үлгүсү

Окутуу

Окутуу пунктунун кызматкерлери

КР ӨКМнии Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги  Ош шаардык ӨКМКБнын Окуу пунктунун кызмат көрсөтүүлөрү

 

 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июнь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы