Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Эл аралык кызматташтык

2013-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Бишкек жана Ош шаарларындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда КР ӨКМ жетекчилигинин Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен, 2012-жылы аткарылган иштердин натыйжаларын талкуулоо жана 2013-жылга бирге иштешүүнүн алгылыктуу багыттарын талкуулоо боюнча координациялык жолугушуусу болуп өттү.

Баткен облусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу КР ӨКМлиги эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен, анын ичинде Баткен облусунун Бөжөй, Чарбак, Кара-Шоро айылдарындагы  жабыркаган калкка гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоочу топ менен ыкчам иштерди жүргүздү.

Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан  төмөнкүдөй жардамдар көрсөтүлдү:

1.    КРдагы  АКТЕД өкмөттүк эмес оюму- 5000 миң сомго КММ;

2.    Кызыл Жарым Ай Улуттук Коому- 20 коробка буурчак (чечевичный) шорпо, 1800 даана шприц жана башка дары-дармектер;

3.    Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ): дары-дармектердин 3500 түрү, 70 тангак суу тазалагыч (чыпкалоочу), 1877 даана самын, 6 куту гигиеналык буюм-тайымдар, 2 куту кеңсе товарлары;

4.    Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жабыркаган калкка психикалык-социалдык жардам берүүлөрдү каржылады. Тактап айтканда ӨК болгон жерге жардам көрсөтүү үчүн акушер-гинекологдор жана педиатрлар жөнөтүлдү.

2013-жылдын 21-25-январында Бишкек шаарында: “Жер титирөөнүн кесепетин жоюу”-деген темада пландуу машыгуу өткөрүлдү, ага  КР ӨКМнен 8 кызматкер катышты.

2013-жылдын 19-мартында ӨКМдин Бишкек жана Ош шаарларындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборлорунда ӨКМдин жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул жолушушууда  “Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактардын коопсуздугун комплекстүү камсыз кылуу” иш чарасы, Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү программалары талкууланды.

2013-жылдын 12-14-мартында КР ӨК министри К.Боронов Азербайджан Республикасында иш сапарында болду жана Эл аралык жарандарды коргоо уюму жана Азербайджан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өткөрүлгөн. “Жарандык коргонуу жана кырсыктардын тобокелин азайтуу үчүн жарандык коомду даярдоо” деген темадагы 13чү Эл аралык конференцияга катышты. Конференциянын алкагында КР ӨК министри Кубатбек Боронов Азербайджан Республикасынын Президенти И.Г.Алиев, Азербайджан Республикасынын Премьер-министри А.Расизаде жана Азербайджан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ф. Гейдар менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында 2 тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде  Бирдиктүү маалымат башкаруу тутумун өнүктүрүү жаатында келишишти.

2-12-жылдын 30-мартында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Азербайджан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Азербайджан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013-2016-жылдары Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Перспективдүү планга кол коюлду.

 

2014-ЖЫЛ

- 2014-жылдын 14-15-январында Азербайджан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ф. Гейдаровдун чакыруу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын ӨКМинин делегациясы жана Министр К.Боронов Азербайджан Республикасынын Баку шаарында иш сапарда болду. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Азербайджан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагындагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну ишке ашырууну талкуулашкан жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын ӨКМи менен жана Азербайджан Республикасынын ӨКМинин ортосундагы 2013-жылдан 2016-жылга чейин перспективдүү кызматташуунун планынын маселелери талкууланган. Жолугушуунун натыйжасында эки тараптын Кыргыз Республикасынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун өнүгүүсүнө жана өрт өчүрүү техникалык автоунаа жардамын көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

- 2014-жылдын 20-22-январында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ӨКМинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда эл аралык гео-портал ESCAP алкагындагы тажрыйба алмашуу тренинги болуп өттү.

- 2014-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Ош-Бишкек Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.Бороновдун Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты: 2014 -жылдын иш мерчемин талкуулоо жана аны иш жүзүнө ашыруу. Ошондой эле КР ӨКМдин КККБна техникаларын жеткирүү жана орнотуу маселеси каралган.

- Бөлүм тараптан 2013-жылы Россия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш аймагында болгон суу ташкындан жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 10-февралындагы № 34-б буйругуна ылайык Россия Федерациясынын жабыр тарткан калкына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2500000 сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөттү.

 

 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Октябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы