Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Коомдук кабылдама

Министрликтин Коомдук кабылдамасы иштеп жатат

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2013-жылынын 5-февралындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Коомдук кабылдамасы жөнүндө”Жобосуна ылайык  2013-жылынын 18-апрелинен 19-апрелине чейин  Министриликтин Коомдук кабылдамасы жана Жарандык коргонуу адистерин окутуу жана кайра окутуу борборунун кызматкерлери менен биргеликте  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жана Орто - Токой айылынын тургундары менен мобилдүү окутуулар  жана жолугуушуулар өткөрүлдү. Аталган жолугуушуларда Балыкчы шаарынын тургундары насыя берүү меселеси менен кайрылышкан, бул тууралу жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Балыкчы шаарынын тургундары Министрликтин Коомдук кабылдамасына мектеп окуучуларына өзгөчө кырдаалдардарда өзүн сактануунун  эрежелери тууралуу түшүндүрүү үчүн методикалык китепчелер жана 6-9 класстарга да атайын сабак киргизүү боюнча сунуштарын билдиришти.  Орто-Токой айылынын тургуну Райымбек Асанбаев  жашаган үйү  суунун түбүндө  болгондугуна байланыштуу  тамдын фундаментин суу жеп, чөгүп, урап жатканын айтып жардам сурады. Бул боюнча жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган Министрликтин Коомдук кабылдамасына түшкөн кайрылууларга иш-чара көрүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырма берди.

 

Министрликтин Коомдук кабылдамасына жыл башынан 53 жаран кайрылган.

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010–жылдын  25–мартындагы № 182 токтомун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  2013–жылдын 5–февралындагы № 78 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” буйругун ишке ашыруу максатында Министрликтин Коомдук кабылдамасына жыл башынан кайрылган жарандар тууралуу төмөнкү маалыматтарды билдирет:

1.     Маалым каттарды берүү жөнүндө- 1;

2.     Материалдык жардам көрсөтүү же курулуш материалдарын бөлүп берүү тууралуу - 5;

3.     Турак үйгө изилдөө жүргүзүү - 8;

4.     Оңдоо иштерин жүргүзүү - 8;

5.     Ссудаларды жана насыяларды берүү - 2;

6.     Турак үйдү кайра калыбына келтирүү - 3;

7.     Турак жайды менчиктештирүү - 2;

8.     Кадр иштерине байланыштуу -11;

9.     Ар кандай маселе боюнча суроолор – 13 жаран кайрылышкан.

Жалпысынан 2013-жылынын башынан баштап  Министрликтин Коомдук кабылдамасына 53 жаран кайрылган, жана анын ичинен 48 жарандын кайрылуусу өз убагында аткарылып, 5 жарандын маселелери учурда аткарылууда.

 

«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук кабылдамасы жана ишеним телефону жөнүндө»

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №182 “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын Коомдук кабылдамалары жөнүндө” токтомуна ылайык жана жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын өз убагында кароо, аларды чечүүдө жана коррупция менен күрөшүүдө ыкчам чараларды көрүү максатында,

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Коомдук кабылдамасы жөнүндө» Жобо бекитилсин (1-тиркеме).

2.Министрликтин жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алуунун графигин бекитүү (2-тиркеме).

 3. Министрликтин коомдук кабылдама комиссиясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Н.А. Байсынов, министрдин кеңешчиси;

- Ж.И. Авипов, министрдин жардамчысынын милдетин аткаруучу;

- У.Б. подполковник Имашов, кадрлар бөлүмүнүн  башчысы;

- А.К. Улакова, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- К.А. Акматов, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;

-А.Р. Байболова, документтик камсыздоо жана аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

- К.М. Ибраимова, калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси;

- Э. Шерипова, КР ӨКМдин маалыматтык студиясынын башчысы.

4. “Коомдук кабылдаманын” телефон номери (03222) 2-18-59 жана «Ишеним телефонунун»  номери (03222) 2-27-66 болуп аныкталсын.

5. “Коомдук кабылдаманын” жана “Ишеним телефонунун” иштери боюнча комиссиялар телефондук жана башка билдирүүлөргө ыкчам жана өз убагында чара көрүлүп, алардын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн Министрликтин жетекчилигине жеткирилсин.

6. Министрликтин Борбордук аппаратынын башкармалыктары, бөлүмдөрү, түзүмдүк жана мекемеге караштуу бөлүмдөрү коомдук кабылдаманын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, тиешелүү маалыматтарды өз убагында берип турсун.

7. Министрликтин түзүмдүк жана мекемеге караштуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери “Коомдук кабылдама жөнүндө” Жобого ылайык жеринде жетекчилик тарабынан жума сайын жарандарды жекече кабыл алуунун графигин бекитишсин. Өткөрүлгөн иштер жөнүндө белгиленген тартипте билдирип турушсун.

8. Министрликтин коомдук кабылдама комиссиясы ошондой эле КР ӨКМдин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан республиканын калкына  Жарандык коргонуу жана Турмуш-тиричилик негиздери боюнча көчмө окууларды өткөрүүнүн учурунда жарандарды кабыл алууну ишке ашырышсын.

9. Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору (полковник              М.Х. Сваров) бул буйрукту жана тиркемелерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин веб-сайтына жайгаштырсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2008-жылдын 2-октябрындагы №451 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Коомдук кабылдамасы жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо статс-катчы  Т. А. Темиралиевге жүктөлсүн.

12. Буйрук өздүк курамга жеткирилсин.

 

              Министр                                                             К.Боронов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин

Коомдук кабылдамасы жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жобо

2. Коомдук кабылдаманын милдеттери.

3. Коомдук кабылдаманын иш-милдеттери.

4. Коомдук кабылдаманын укуктары.

1. Жалпы жобо

1.1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Коомдук кабылдамасы (мындан ары – Министрликтин коомдук кабылдамасы) калкка Министрлик менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн берүү, Министрликтин иш компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам чечүү үчүн түзүлгөн.  

1.2. Коомдук кабылдама өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамды, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамды, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 

1.3. Министрликтин «Коомдук кабылдамасынын» жана «Ишеним телефонунун» иши коомдук кабылдама комиссиясы тарабынан камсыздалат.

1.4. Коомдук кабылдама юридикалык жак болуп эсептелбейт, мөөрү жана штампы жок.

2. Коомдук кабылдаманын милдеттери

Коомдук кабылдамага төмөнкүдөй милдеттер жүктөлгөн:

2.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандарга кеңеш берүү жана маселелерди чечүүдө иш жүзүндө жардам көрсөтүү.

2.2. Жарандардын ой-пикирлерин иликтөө, министрликтин коомдук кабылдамасына келип түшкөн жарандардын кат жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын кабыл алуу жана эсебин алуу.

2.3. “Коомдук кабылдамага” жарандардын кайрылууларын өз убагында кароону көзөмөлдөөнү камсыздоо, Министрликтин “ишеним телефону” боюнча кайрылууларында баяндалган фактыларды текшерүүнү уюштуруу.

2.4. Жарандарга алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

3. Коомдук кабылдаманын иш-милдеттери

3.1. Коомдук кабылдама жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:

- жарандарды кабыл алууну мерчемдейт жана уюштурат;

- министрдин, статс-катчынын, министрдин орун басарларынын жарандарды кабыл алуусун уюштурат;

- келип түшкөн кайрылууларды жана жарандардын арыздарын иштеп чыгууну ишке ашырат жана талдоолорду даярдайт;

- жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөтүн контролдоону ишке ашырат;

- «Коомдук кабылдамага» келип түшкөн жарандардын кайрылууларында келтирилген фактыларды текшерүүнү уюштурат;

- негизделген даттанууларды пайда кылган себептерди четтетүү боюнча Министрликтин жетекчилигине жарандардын жалпыланган кайрылууларынын негизинде сунуштарды киргизет;

- жарандарга алардын кайрылуулары боюнча маселелерди чечүүдө кеңеш берет.

4. Коомдук кабылдаманын укуктары

4.1. Өзүнүн иш-милдеттерин ишке ашыруу үчүн «Коомдук кабылдама» төмөнкүлөргө укуктуу:

- Министрликтин жетекчилигинин резолюциясынын негизинде жарандардын каттарын Министрликтин тиешелүү башкармалыктарына, Кызматтарына, өз алдынча бөлүмдөрүнө, секторлоруна алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча жөнөтүүгө;

- Министрликтин тиешелүү башкармалыктарынан, Кызматтарынан, өз алдынча бөлүмдөрүнөн, секторлорунан, мекемеге караштуу жана аймактык органдарынан керектүү материалдарды суратууга жана алууга;

- жарандардын кайрылууларында келтирилген фактылар боюнча текшерүүлөрдү уюштурууга катышуу үчүн Министрликтин кызматкерлерин тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- жетекчиликке жарандарды кабыл алуу, карап чыгуу жана Министрликтин ишин уюштуруу маселелери боюнча коомдук пикирди иликтөөгө негизделген чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.

 

 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Январь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы