Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Аксы районунда “Өзгөчө кырдаалдар” режими кирип ӨКМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартип жумушун аткарууда

13.05.2017

2017-жылдын 11-12-май күндөрү күндүн катуу ысый баштаганына байланыштуу, тоолордогу карлар ээрип, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагы аркылуу агып өткөн Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, 17 жерден ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Бул жагдай Байкашка-Терек айылында 36 турак-жайга, Арал айылында 43 турак-жайга кооптуулук жараткан.

Ошондой эле Товар-Сай айылынын Чоң-Таш участкасында Авлетим дарыясына салынган 67 кожолукту тейлеген ички чарбалык автоунаа көпүрөөсүнүн оң тарабын суу жей баштаган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин Авлетим гидрологиялык постунун маалыматы боюнча  азыркы учурда суунун агымы 30м3/сек жеткен (май айындагы нормасы 18м3/сек).

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругу менен КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Абдишарип Бекилов жетектеген ыкчам топ түзүлүп, өзгөчө кырдаалды болтурбоо жана жеринде ыкчам чараларды көрүү максатында, 2017-жылдын 12-майынан бери жеринде иш чараларды уюштурууда.

Андан сырткары, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында иш-чаралардын мерчеми түзүлүп, Аксы райондук Жарандык коргонуу кызматтарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жеринде Аксы районунун администрация башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы менен тыгыз иш алып барышууда.

Авлетим дарыясынын жээгин бекемдөө жумуштары 17 участкада жүрүп жатат, жана бул иш чарага КР ӨКМнин менен Жергиликтүү бийлик тарабынан 10 атайын техникалар тартылган. Авлетим айыл аймагында өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү күч - каражаттарды жумшайт. 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы