Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Катталган жер титирөөнүн кесепеттинен Чоң-Алай районунда 66 турак-жай авариялык абалга келди

04.05.2017

Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана КР ӨКМнии райондук башчысы 2017-жылдын 3-майында саат 10:47 чамасында катталган жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында 4 топко бөлүнүп, изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Жекенди айыл аймагы: 

Карамык айылында 26 турак-жай изилденип, анын ичинен 24 турак-жай, 1 ФАП жана  почтанын имараты авариялык абалга келген, андан сырткары жер титирөөнүн кесепетинен тоодон таштар кулап, 1 адамдын жайытта жүргөн  110 койун баскан,  анын 15 койун адалдап, 95 койу арам өлгөн;

Шиве айылында 118 турак-жай изилденип, анын ичинен 9 турак-жай авариялык абалда;

Жекенди айылында 36 турак-жай изилденип, 15 үй 1 мектеп жана 1 ФАП авариялык абалда;

Чулук айылында 1 турак-жай изилденип авариялык абалда, 1 мектептен майда жаракалар пайда болгон;

Кара-Тейит айылында 100 турак-жай изилденип, 17 турак-жай авариялык абалда, ФАПтын имаратында майда жаракалар пайда болгон.

Жалпы Жекенди айыл аймагында 281 турак-жай изилденип, 66 турак-жай авариялык абалга келип, 215 турак-жайдан майда жаракалар пайда болгон, 6 социалдык объект изилденип, анын 4 авариялык абалга келген (2 ФАП, 1 почтанын имараты, 1 мектеп).

Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин улантууда.

Жарандар өздөрүндө болгон чатырларын жана боз үйлөрүн турак-жайларынын жанына орноштурушууда.

Ошондой эле КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу 2017-жылдын 3-майында 14:30 чамасында жер титирөө катталган аймакка тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгышып, саат 19:00 чамасында жетишти. 2017-жылдын 4-майында жер титирөөнүн кесепетерин тактоо иштерин жүргүзүшөт.

2017-жылдын 4-майында саат 01:15 чамасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов буйругу менен Ош шаарында жайгашкан бирдиктүү кампасынан 100 даана 5 орундуу чатыр КамАЗга жүктөлүп, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 19 куткаруучулар менен биргеликте жер титирөө катталган аймака жөнөтүлдү. Куткаруучулар  жабыр тарткан турак-жайлардын жашоочуларына чатырларды тигип беришет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Август 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы