Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Бир сутканын ичинде бир аймакта 6 ирет кайра кайра жер титирөө катталды

04.05.2017

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалымат боюнча, 2017-жылдын 3-майында саат 10:47де Тажик Республикасынын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибе, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 балл сезилген. Кыргызстандын калган түштүк облустарында 4-5 баллга чейин сезилген.

Ал эми саат 11:06да жана саат 11:36да ошол эле очогунда кайрадан 4 жана 4.5 баллга жеткен жер титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун  Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жарбашы, Чак, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 3 балл сезилген.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык саат 20:35те жана 21:09да Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында кайрадан очогунда 3-4 баллга жеткен жери титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун  Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Шибе, Кулчу айылдарында 2,5 балл сезилген.

Саат 02:03дө Тажик Республикасынын аймагында очогунда 5,5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 5 балл,  Карамык , Шибээ, Чак, Жар-Башы, Кулчу, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 4 балл, Ачык-Суу, Кабык, Кызыл-Эшме, Кашка-Суу жана Кара-Кабак айылдарында 3 балла чейин сезилген.

КР  ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы