Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Ош облусунун орто мектептеринде “Жарандык коргонуу күнүн” өткөрүүнүн ыкмаларын үйрөтүштү

03.05.2017

Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедранын окутуучулары Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу №87 С.Алайчы уулу атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында жана №101 К.Момбекова атындагы орто мектебинде “Жарандык коргонуу күнүн” өткөрүү усулдарын үйрөтүштү.

Машыгуунун өткөрүү тартиби жана Жарандык коргонуу  документтерин иштеп чыгуу боюнча презентациялар көрсөтүлүп, окуунун жүрүшүндө мектептерде Жарандык коргонуу жаатындагы документтери тактоо эрежеси, керектүү материалдар “үлгү” катарында көрсөтүлдү.

Мектеп окуучуларына өлкөнүн аймагында катталуучу өзгөчө кырдаалдар боюнча  маалымат берилип, андан сактануу журум-турум эрежелери боюнча маалыматтарды айтып беришти.

Ал эми жогорку класстардагы окуучуларга бүгүнкү күндөгү актуалдуу темалардын бири болгон жол кырсыгы боюнча маалыматтарды айтып беришти.

Окуунун аягында алган билимди бекитүү максатында Жарандык коргонуу күнүн практикалык машыгуу өткөрүлдү.

Эки күндүк окууга жалпысы болуп 684 адам катышты.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы