Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери уланууда

21.04.2017

Ленин айыл аймагында 19-20-апрель күндөрү жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп дарыянын сол жагында жайгашкан Жыгач-Коргон айлына коркунуч жаралган.

Аталган аймака КР ӨКМнин Жалал-Абад областык боюнча башкармалыгынын башчысынын милдеттин убактылуу аткаруучусу, КР ӨКМнин Сел жана суу ташкындарынан коргоо агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышып, Ленин айыл аймагы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.

Блоговешенка айылында жааган жаан чачындан улам Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу көтөрүлүп Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4 коргоочу тосмонун 700 метр аралыгын жууп, айылдагы 150 турак жайга жана 245 Га айдоо жерлерине кооптуу абал жаралган.

Жээктерди   бекемдөөгө  КР ӨКМнин Жалал-Абад областтык Өрткө каршы кызматынан 78 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык куткаруу отрядынын 31 куткаруучу, Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнөн 2 кызматкер, Медицина кызматынан 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам, “Авто-Жол” подряддык ишканасынан 1 бульдозер, 2 автокран, 1 тралл, 6 самосвал. Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынан 1 экскаватор, 8 самосвал тартылган.

Алардын жардамында дарыянын жээгине капка кум толтуруп тосуу жумуштарын жүргүзүштү. “Авто-Жол” подряддык ишканасынан техникалары тарабынан суунун нугун буруу аракетин көрүшкөн.

Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Спутник кичи шаарчасына жакын  Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Живпром участкасындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №10 коргоочу тосмонун 400 метр аралыгын жууп, 110 турак жайга кооптуу абал жаралган.

Жээкетрди бекемдөөгө Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан, мекеме ишканалардан жана жеке менчик техникалардын жардамында 484м3 таш ташылып, №10 дамбанын жалпы 200 метр аралыгы бекемделген. 

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы