Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

ӨКМден гуманитардык жардам Ак-Сай жеткирилди

18.04.2017

2017-жылдын 11-апрель күнү башкармалыктын кампасында сактоого коюлган гуманитардык жардамды Ак-Сай өрөөнүнүн кыштоолорунда жашаган жарандарга жеткирүү боюнча иш чаралар уюштурулуп, ӨКМдин ыкчам тобу жетектеген топтун коштоосунда Ак-Муз – Босого – Кынды – Ак-Сай унаа каттамы аркылуу жиберилди. 12-апрель күнүнөн баштап таратуу иш чаралары жүргүзүлүп, Ак-Сай өрөөнүндөгү Үсөлөк, Боз-Айгыр, Шамыркан, Жарма-Мустабас, Эшек-Арт, Тогуз-Коо, Сай-Сары, Кызыл-Таш, Жолсары-Бөксө, Чон-Күнгөй, Ача-Таш, Кара-Таш, Бөрү-Уюк, кыштоолорунда, Жаны-Культцентр участкасында, Быдыр-Өлө участкасында, Чок-Өтөк участкасында, Корумду жана башка участкалардагы жарандарга берилди. 14-апрель күнү гуманитардык жардам таратылып берилген.

КР ӨКМнин 2017-жылдын 15-мартындагы №253 жана 22-мартындагы №271-буйруктарынын негизинде Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган чабандарга таратып берүүгө бөлүнгөн 500 (беш жүз) кг күрүч, 500 (беш жүз) кг вермишел, 500 (беш жүз) кг кесме, 250 (эки жүз элүү) кг чай, 500 (беш жүз) кг кум шекер, 500 (беш жүз) кг кант, 2000 (эки мин) даана уй этинен консерва, 2000 (эки мин) даана балык этинен консерва, 200 (эки жүз) даана табак, 200 (эки жүз) даана кичине табак, 200 (эки жүз) даана кашык, 200 (эки жүз) даана кружка, 50 (элүү) даана чайнек, 200 (эки жүз) даана одеяло Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын чогулушунун протоколунун негизинде 113 үй бүлөгө, 407 адамга, 7 жылынуу пунктуна бөлүнүп, толугу менен таратылып берилди. Ак-Сай өрөөнүндөгү жашаган жарандар тарабынан КР ӨКМге жана ӨКМдин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.
 
 
 
 
КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
 
 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы