Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп жээктерин жей баштады

18.04.2017

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Тайгараев айыл аймагы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, учурда дарыянын сол жээгин жеп баштаган. Натыйжада Ынтымак айылына кооптуулук жаралгандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, кечирилгис иш-чараларды көзөмөлдө үчүн 2017-жылдын 18-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген топ ыкчам жерине чыгып кетишти.

Дарыянын агамы учурда 200куб/сек түзөт.

Суунун агымы Блоговешенко айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4 коргоочу тосмонун жууп, Блоговешенко айылындагы турак жайларга кооптуу абал жаралууда.

Эске сала кетсек Жалал-Абад шаарынын  вице-мэри Т.Темирбаев, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу, КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн офицери, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин адиси, шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары жана аймактык башкармалыгынын жетекчиси кооптуу участоко барышып абал менен таанышышкан.

17-апрель күнү саат 21:00дө Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланып, жеринде тактоо жана Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында чогулуш өткөрүлүп, 30 мекеме ишканалардын  ар бирине 1 ден оор жүк ташуучу унаа менен таш алып келип дарыянын жээгин бекемдөө иштери милдеттендирилип, анын негизинде   суу жеп кеткен жерлерди бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.  

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы