Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Жалпак-Таштагы жер көчкүдөн турак-жайсыз калган жарандарга ӨКМден 6 даана чатыр бөлүнүп берилди

17.04.2017

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында 2017-жылдын 15-апрелинде саат 10:00дөн баштап Кысык-Алма айылында Чырмаш тилкесинде көлөмү болжол менен 900 000м³ келген жер көчкү колоттун ичи менен 3-4 жылып, 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калган жана дагы 1 бүтө элек турак-жайга 10 метр калган.

Андан сырткары Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып, жол каттамы убактылуу токтогон.

Аталган аймака КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ыкчам тобу жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан  7 куткаруучусу, 1 КамАЗ унаасы тартылган.

Коопсуздук үчүн жер көчкү коркунучундагы 6 турак-жайдын жашоочулары туугандарынын жана коңшуларынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Бул турак үй ээлери мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алышкан эмес.

2017-жылдын 16-апрелинде КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жер көчкү жүргөн аймак барып, элге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Ошондой эле КР ӨКМ тарабынан турак-жайсыз калган жарандарга 6 даана 5 орунду чатыр бөлүнүп, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 1 КамАЗ унаасы менен жеткирилип, чатырларды  коопсуз жайга тигип беришти.

Райондук РЭС кызматкерлери тарабынан жашоого шарт түзүү үчүн, 2017-жылдын 17-апрелинде электр энергиясы тартылат.

          Азыркы учурда Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес, себеби суюк көчкү акырындык менен жылып жатат. Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы бар.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы