Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Жалпак-Таштагы жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 900 000м³ түзүп дагы деле токто элек

16.04.2017

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Кысык-Алма айылындагы Чырмаш участкасында колоттун жогору жагынан жаңы жер көчкү активдешип турак үйлөрдү карай жай жылып баштаган.

Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 900 000м³ түзүп, колоттун ичи менен акырындык менен турак үйлөргө карай жылып келип, Чырмашов Мыктыбектин сарайын басып, турак үйүнө 1 метр калган жана тамаркасын басып, №956 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып жол каттамы убактылуу токтогон. Жолду тазалоо иштери жүргүзүү мүмкүн эмес, себеби суюк көчкү акырындык менен жылып жатат.

Жолдун төмөн жагында жайгашкан Мамашарипов Амангелди жана Мамашарипова Айтикандын турак үйлөрүнө көчкү 30-40метр калган. Чырмашов Азаматтын үйүнө 150-170метр калган. Ошондой эле айыл аймак тарабынан турак үй куруу үчүн, жаңы бөлүнүп берилген 2 участкага 60-70 метр калган (ал участканын ээлери Мамашарипов Расулберди жана Каратаев Сүйүн).

Жер көчкү коркунучундагы үй-бүлөлөр коопсуз жерге көчүп чыгышты.

1.Чырмашов Мыктыбек (6 адам)

2. Мамашарипов Амангелди (5 адам)

3.Мамашарипова Айтикан (1 адам)

4.Чырмашов Азамат (8 адам)

Бул турак үй ээлери мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алган эмес.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Август 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы