Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Дасыккан куткаруучунун ички сезими

23.03.2017

“Баатыр туулса эл ырысы” дейт кыргызда. Куткаруу иштерин чоң жоопкерчилик менен чын дилден аткарып келген сыймыктуу уул биздин төрүбүздө. Нурлис ТӨРӨКУЛОВ, КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун издеп куткаруу кошуунунун командири, капитан.

-         Нурлис мырза, куткаруучу болуу оңой эмес. Мындай татаал кесипке ээ болууңузга эмне түрткү болгон?

-         Ар бирибиз бала кезде кыялдангандай, кичинемде аскер кызматкери болсом деп самачумун. Кийин жоро-жолдошторумдун көпчүлүгү аскер лицейин көздөп, баарыбыз бирге аталган лицейде окуп калдык. Аскер кийимин кийгенден кийин эмнегедир сезимдер ойгоно баштады. Чынчыл болууну, өзүбүздү таза, тыкан алып жүрүүнү үйрөндүк. Аны аяктаган соң, жогорку аскер окуу жайына тапшырып, дароо куткаруу адистигин тандап алдым. Негизи куткаруучулук адамдарга жардам берүүдө чоң сооптуу иш деп эсептейм. Балким ушул себептен да бул адистикти тандап алсам керек. Окууну аяктагандан бери бул кызматта эмгектенип келем.

-         Куткаруу иштерин аткарганыңызга 10 жылдан ашыптыр. Кырдаал ар кандай болот эмеспи, жүрөгүңүздө калган окуя менен бөлүшө кетсеңиз?

-       Оор жана кайгылуу окуялар көп катталат. Былтыр эле Төө Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин чыга беришинде автокырсык болуп,  унаада бара жаткан бир үй-бүлөнүн жансыз денесин алып чыкканбыз. Ошондо 6 жаштагы бала аман калган. Заматта ата-эне, бир туугандарынан ажыраган баланын кийинки тагдырын ойлоп, жүрөгүм ооруган.  Ошондой эле акыркы Дача СУ айылында болгон авиакырсыктан ата-эне, бир туугандарынан айрылган  Жакшылыктын тагдыры да аянычтуу болду. Жашында жетим калып, ата-эне мээриминен эрте ажыраган балдардын тагдыры жүрөктү эзет. Аталган кайгылуу кырсык болгондо биздин курам 16-январдан 31-январга чейин издөө, тазалоо иштери аяктаганга чейин  толугу менен иш алып барып катыштык.

-         Кырсык катталган жерге канча мүнөттө жетип баруу керек, белгилүү бир убакыт барбы?

-      Бизде атайын талаптар бар. Өзгөчө кырдаал боюнча билдирүү түшкөндөн кийин 10 мүнөттүн ичинде аскер бөлүктөн чыгып кетебиз. Ага атайын куткаруу шаймандары менен толукталган унаабыз, куткаруу топ даяр турат. Ал эми күзөттө 24 саат бою 10 адам турабыз. Бизде эки эшалон бар, биринчи эшалон 10 минутанын ичинде аскер бөлүктөн чыгып кетет. Ал эми  экинчиси көбүрөөк, өздүк курам менен автономдук режимде жашаганга мүмкүнчүлүктөрү бар. 2-эшалон 40 минутада кайсы аймак болбосун чыгып жөнөйт.  Издеп куткарууда жансыз денелерди алып чыгууга туура келет. Жаңыдан иштеп баштаганда коркуу сезимдери болбой койбойт. Ошондуктан, жаңы келген куткаруучуларды моралдык жактан оор нерсеге даяр  турууну үйрөтөбүз. Куткарууда коркуу сезими эмес, аео сезими күчтүү болот. Кыргызда “өлгөн адамдан эмес, тирүү адамдан корк” деген макал бар го, көп машыгып, аралашып калган үчүн азыр коркуудан алыспыз.

-         Сиз кызмат кылган аскер бөлүктө куткаруучуларды даярдоо боюнча кандай иш-чаралар бар? Куткаруу ыкмалары, атайын бир эрежелерди үйрөтүү кандай тартипте өткөрүлөт?

-         Бул борбор куткаруучуларды даярдоо жана кайра даярдоо кваликациясын көтөрүү максатында жүргүзүлөт.  Бизге Талас, Нарын, Ысык-көл, Чүй облустарынан куткаруучулар келишет. Алар атайын программанын негизинде билим алып, окуунун жыйынтыгында зачет кабыл алынат. Андан өтсө сертификаттарга ээ болушат. Өтпөй калышса дагы убакыт берилип, кайрадан тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгер андан да өтпөй калышса жумуштарынан бошоп кетүүлөрү мүмкүн.

-         Сиздер эл аралык деңгээлде, чет өлкөлөрдүн куткаруучулары менен тажрыйба алмашуу багытында иш алып барасыздарбы?

Албетте, чет өлкөлүк куткаруучулардын жана өзүбүздүн шаймандарыбыз бар.  Ошондуктан, тажрыйба алмашабыз. Жыл сайын Казакстанда өтүүчү “Казспас” эл аралык мелдешине катышабыз. Мисалы,  2014-жылы жети мамлекеттин арасынан биздин курам 3-орунга ээ болуп кайттык. Азербайджан, Кытай, Казакстан, Россия, Белоруссия жана башка мамлекеттерден келип катышышкан. Ушул мамлекеттин арасынан биз татыктуу орунду багындырып келгенбиз. Ошондой эле, Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн куткаруучулары менен да ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп, биздин аскер бөлүккө, мамлекеттик борборго келгенде тажрыйба алмашуу үчүн иштер жүргүзүлөт. Мисалы, жыл сайын 20 га жакын куткаруучулар менен 2 жумага жакын теориялык окутуу, андан кийин тоо шарттарында издеп-куткаруу, жардам берүү ыкмаларын  практика жүзүндө ашырабыз. Иш-чаранын жыйынтыгында  борбордун атайын сертификаты берилет. Бул сертификатта токтоло кетсек, 2016-жылдын 11-15-май күндөрү Кыргызстанда Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун Аткаруу комитетинин 49-сессиясы жана Башкы ассамблеясынын   22- сессиясынын жүрүшүндө Кыргызстандагы тоо-куткаруу жана суучулдарды даярдоо эл аралык курстарында берилүүчү сертификаттардын үлгүсү бекитилген.  Биз берген сертификаттар 50-ашуун Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун мүчө болгон өлкөлөрдө кабыл алынат.

-          Куткаруучу кандай сапатта болуусу шарт?

-         Негизи куткаруучу физикалык жактан күчтүү болуп, оор кырдаалдарда ишенимдүү туура чечим кабыл алышы керек. Туруктуулук сапаттын болуусу абзел. Зыяндуу көрүнүштөрдөн,  арак ичүү, тамеки чегүүдөн алыс болуу кажет.  

 "Элита пресс" журналы, маек курган Айжан Атаканова.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июнь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы