Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм турум эрежесин билге ээ болуу өзүн өзү сактоонун ачкычы

23.03.2017

Калктын өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм турум эрежеси боюнча кабардар болуусун жогорулатуу саясатын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан жүргүзөт.

КР ӨКМ тарабынан калк арасында коопсуз шарттарды түзүү багытында атайын окутуулар уюштурулат.

   Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызматкерлерине  өзгөчө кырдаалдар катталган учурдардагы ыкчам аракеттериди көрүп,  кечирилгис чечимдерди кабыл алуу боюнча окууларды өткөрүшөт.

Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун түздөн түз милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын калкын жарандык коргонууну уюштуруудагы жана жүргүзүүдөгү аракеттерге үйрөтүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- Министрликтин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, жүргүзүү жана жарандык коргонуу тармагындагы нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууга катышуу;

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профилдик кафедралары менен тыгыз байланышта иштешүү жана атайын сабактардын бирдей окуу пландарын жана программаларды биргелешип иштеп чыгуу.

    Бул борбор тарабынан 2013-жылы калк арасында 11 603 адам билимге ээ болушту, 2014-жылы 11 514 адам,  2015-жылы 27 458 адам, ал эми 2016-жылы 31 755 адам билимге ээ болуп, бул көрсөткүч эки эсе өстү.

Тактап айта кетсек:

-          Чүй облусу боюнча – 3 808 адам;

-          Талас облусу боюнча – 2 293 адам;

-          Ысык-Көл облусу боюнча – 3 121 адам;

-          Нарын облусу боюнча – 2 862 адам;

-          Ош облусу боюнча – 7 097 адам;

-          Жалал-Абад облусу боюнча – 3 661 адам;

-          Баткен облусу боюнча – 1 308 адам;

-          Бишкек шаары боюнча – 4 304 адам;

-          Ош шаары боюнча – 3 301 адам.

    Алдын ала окутуулар өзүн оң натыйжаларын берет, анткени  өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм турум эрежеси боюнча билимге ээ болгон жаран кырсык учурунда өз өмүрүн жана жакындарын сактап калат. 

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы