Жалал-Абад облусунда коркунуч жараткан жер көчкү дагы жыла баштады
11.01.2017
Сузак районунда 2017-жылдын 3-январында, Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга коркунуч жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40млн. м3 түзөт, жер көчкү 1 турак-жайга 15 метр жана 15 турак-жайга 350 метр калган. Ал эми 2017-жылдын 10-январында жер көчкү 5-6 метр аралыкка жылып, дагы 1 кошумча үйгө коркунуч пайда болгон.
Жергиликтүү бийлик тарабынан 2 үй-бүлө көчүрүлгөн. Андан сырткары 10-январь күнү 2 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүп, калган 13 үйдүн жашоочулары түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат. Айыл аймагы тарабынан тургундарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көчкү коркунучу бар аймак көзөмөлгө алынган.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.




Ыкчам кезметчи
тел: | +996(3222)2-18-44 |
сот: | +996(770)800-100 |
факс: | +996(3222)5-60-77 |
e-mail: | od.mchs@mail.ru |
Министрдин кабылдамасы
тел: | +996(312)54-79-86, |
+996(3222)2-33-46 | |
e-mail: | mchs@elcat.kg |
Ишеним телефону:
тел: | (03222) 2-27-66, |
Коомдук кабылдама:
тел: | (03222) 2-27-66 |