Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жөнүндө калктын маалыматтуулугун ислам аркылуу жогорулатуу

21.11.2015

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун имараттарында он-лайн режиминде Кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жөнүндө калктын маалыматтуулугун ислам аркылуу жогорулатуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын азирети-муфтийи Максат ажы Токтомушев, жер-жерлердеги казылар, "Ыйман" коомдук фондунун жетекчилиги КР ӨКМнин маселеге тиешелүү агенттиктеринин, департаменттеринин жана башка түзүмдүк-бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. 

Тегерек столдо жарандарды кырсыктын алдын алууга, болтурбоого, кырсык учурунда өзүн алып жүрүүгө дин ишмерлери менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды. КР ӨКМи Муфтият менен жер-жерлердеги казы, имамдар менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүү маселеси талкууланды.

КР ӨК министри К.Боронов өз сөзүндө “Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы биргеликте республиканын аймагындагы мечиттер аркылуу калкка кырсыктардын алдын алуу жана кырсык учурунда жарандардын өзүн алып жүрүүсү тууралуу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жакшы натыйжа бергендигин баса белгилеп кетти. Кыргыз Республикасынын калкынын 80%дан ашыгы Ислам динин тутунгандар жана намаз окуп, мечиттерге каттагандар.  Башка күндөргө салыштырмалуу жума күндөрү мечиттерге жарандар көп барышат жана ал жерде имамдар бир сааттай убакытта калкка ар кандай темаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мына ошол убакытта жарандар имамдардан, казылардан илим алууга ашыгышат. Биздин динибизде жолдо адамдарга тоскоолдук жаратып жаткан ташты алып коюу да садака деп айтылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө атайын видеороликтерди, радио уктурууларды, гезит-журналдар аркылуу макалаларды жазабыз, түз эфирлерге чыгабыз, эл менен жолугушууларды өткөрөбүз, бирок имам-казылардын бир сааттык сүйлөгөн сөзү калкка өтө жеткиликтүү экендигин байкадык. Дарыялардын нугун бузуп, тыюу салынганына карабай  туш келди жерден таш, кум, шагыл жана топурактарды алып кете беребиз да, анын кесепети эмне болоору жөнүндө ойлонбойбуз. Качан гана сел же суу ташкыны болгондо, бири-бирибизди күнөөлөп калабыз. Ошондой учурларда бири-бирибизге жасаган зулумдугубуз жөнүндө биздин казыларыбыз менен имамдарыбыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшсө жакшы болоор эле”-деди министр. Максат ажы Токтомушевдин айтымында “Кырсыктан сактанууда адам баласы этияттык менен мамиле кылуу керек. Ислам деген бул жашоону туура пайдалануу эки адам бири-бирине зыян жеткирбей турган болуш керек. Республикада 2600 мечит бар, алардын ар бирине жума сайын адамдар намазга келишет. Мечиттен Даават айтуу учурунда кырсыктан сактануу тууралуу жана алдын алуунун жолдорун байма-бай айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жакшы натыйжа берет деп ишенем”-деди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын азирети-муфтийи Максат ажы Токтомушев.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Октябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы