Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

СЕЛ

21.04.2014

Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы ТОО тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон кату суу агымы.

 

Таш агызган селдер – ири таштардын, анын ичинде мөнгүдөн пайда болгон ТОО таштарынын, шагылдардын, кесек таштардын, кумдардын ылайланган аралашмасынан турган 1,5 т/м3 киргилт суу.

Ылай аралашкан сел – бир аз таштарды агызган көлөмдүү салмагы 1,5-2,0 т/м3 түзгөн сел агымы.

Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарында селдин жүрүшү кайталанып турган көрүнүш.

Селдин жүрүшүнө түрткү берген себептер:

- узакка созулган, нөшөрлөп жааган жамгыр;

- күндүн кескин ысып кетиши;

- кардын же мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээриши;

- жер титиреп, жанар тоолордун жарылышы;

- токойлордун кыркылышы;

- казуу иштерин тура эмес уюштурулушу.

Сел өзү менен кошо миллиондогон куб метр ар кандай аралаш массаларды алып келет. Ал күтүүсүз келип чыгуу менен 10 мүнөттөн бир нече саатка чейинки аралыкта бир нече толкундар менен коштолуп, тез ыкчамдыкта (секундасына 10 метр жана андан көбүрөөк) жылышы мүмкүн. Адатта, сел жүрүшү ыктымал болгон жерлер алдын-ала белгиленет. Башка агымдардан айырмаланып, сел өз-өзүнчө толкундар менен коштолот. Биринчи толкун 15 метрге чейин же андан жогору бийиктикте болушу мүмкүн.

Ар кандай аралаш массаны өзү менен кошо ширеп, саатына 15-20 км аралыкты басып өткөн катуу сел кыйраткыч күчкө ээ болуп, айдоо аянттарын жок кылып, адамдардын жана мал жандыктардын өлүмүнө алып келиши ыктымал. Мына ошондуктан, селди «ырайымсыз ТОО ажыдаары» деп атап келишет.

Мындай бөөдө кырсыктан айрыкча адамдар (туристтер, геолог чалгындоочулар, чек арачылар, ТОО этегинде жайгашкан айыл жашоочулары) турак үйлөр, инженердик жана жол курулушунун имараттары жабыр тартат. Сел жүрүшү ыктымал болгон кооптуу региондордо селге каршы күрөшүүнүн инженердик ыкмалары – суу тосмолор, ырайымсыз суу агымын туш-тушка болуп каарын жеңилдеткен каналдар, жол бойлорунун жээктелиши жардамга келет.

Сел – ѳзгѳчѳ коркунучтуу гидрологиялык кубулуш болуп саналат. Сел агымы темир жолдорго жана автомобиль багыттарына, сугат системаларына жана экономиканын башка маанилүү объекттерине, ТОО этегинде жайгашкан калктуу пункттардын жашоочуларына олуттуу коркунуч келтирет.

Сел жүрүшү ыктымал болгон кооптуу региондордо селге каршы күрѳшүүнүн инженердик ыкмалары – суу тосмолор, ырайымсыз суу агымын туш-тушка бөлүп, каарын женилдеткен каналдар, жол бойлорунун жээктелиши жардамга келет.

Сел өзү менен кошо миллиондогон куб метр ар кандай аралаш массаларды алып келет. Ал күтүүсүз келип чыгуу менен 10 мүнөттѳн бир нече саатка чейинки аралыкта бир нече толкундар менен коштолуп, тез ыкчамдыкта (секундасына 10 метр жана андан кѳбүрѳѳк) жылышы мүмкүн. Адетте, сел жүрүшүыктымалбогонжерлералдын ала белгиленет. Башка агындардан айырмаланып, сел ѳз-ѳзүнчѳ толкундар менен коштолот. Биринчи толкун 15 метрге чейин же андан жогору бийиктикте болушу мүмкүн.

Ар кандай аралаш массаны ѳзү менен кошо ширеп, саатына 15-20 км аралыкты басып ѳткѳн катуу сел кыйраткыч күчкѳ ээ болуп, айдоо аянттарын жок кылып, адамдардын жана мал-жандыктардын ѳлүмүнѳ алып келиши ыктымал. Мына ошондуктан, селди «ырайымсыз ТОО ажыдаары» деп атап келишет.

Мындай бѳѳдѳ кырсыктан айрыкча адамдар (туристтер, геолог чалгындоочулар, чек арачылар, ТОО этегинде жайгашкан айыл жашоочулары) турак үйлѳр, инженердик жана жолкурулушунун имараттары жабыр тартат.

Сел кырсыгынын алдын алуу боюнча төмөнкү иш-чараларды жүргүзүү сунуш кылынат:

- селге туруштук берүүчү тосмолорду жана жээктерди бекемдөө;

- суну буруп кетүүчү каналдарды куруу;

- ТОО көлдөрүнүн деңгээлинин төмөндөтүү;

- ар кандай бак-дарактарды тигүү менен жантайыңкы жер кыртыштарын чыңдоо;

- байкооолорду жүргүзүп, маалымдоо системаларын жөнгө салу жана көчүрүү чарасын пландаштыруу.

 

СЕЛГЕ КАНТИП ДАЯРДАНУУ КЕРЕК?:

- сел жүрүшү ыктымал болгон жайларды кыдырып, иликтеп чыккыла. Айрыкча, катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин ошол жерлерден алыс болуу талап кылынат;

-селдин ырайымсыз катуу толкунунан аман калуу мүмкүн эместигин эч качан унутпагыла. Андан убагында качып кутулуу гана сактап калат;

- эгерде, алдын ала көчүү талап кылынса, үйдөгү электр энергияны, газды, сууну бекитип, эшик-терезелерди, желдеткичтерди бекем жаап, чыгуу керек;

- сел жүрүшү мүмкүн болгон жыл мезгилинде ар кандай жүрүштөрдөн токтолуп туруу керек.

СЕЛ ЖҮРГӨН УЧУРДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?:

- оргуштап аккан суу агымынын дүңгүрөгөн добушун угар замат, дароо кеминде 50-100 метрлик бийиктикке чыга калгыла;

- кату суу агымы оор таштарды кошо агызып келиши, адам өмүрүнө коркунучтуу экендигин унутпагыла.

 

СЕЛ ЖҮРГӨНДӨН КИЙИНКИ АРАКЕТТЕР:

- сел агымынан жана тике жарлардан алыс болуу керек;

- адамдар бири-биринен 20-30 метр аралыктан узабай жүрүүгө тийиш;

- улгайгандарга жардам берип, жолдорду селден кийин тазалоого жардам берүүнү унутпагыла;

- селден жабыр тарткан болсоңор – дароо медицина кызматкерлерге кайрылуу зарыл;

- эгерде, мындай мүмкүнчүлүк болболсо, өзүңөргө өзүңөр жардам берип, жаракат алган жерге муз (сууланган кездеме) коюп таңуу зарыл.

 

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Январь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы