Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов селден турак-жайлары жабыркаган жарандардын абалы менен жеринен таанышууда

15.05.2018

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов селден турак-жайлары жабыркаган жарандардын абалы менен жеринен таанышууда

Бүгүн, 2018-жылдын 15-май күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы сел кырсыгынын кесепеттерин  жоюу иш жеринде көзөмөлдөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш-сапарда жүрөт.

Иш-сапардын жүрүшүндө селден турак жайлары жабыркаган жарандардын абалы жана социалдык объектилердеги абал менен жеринен таанышууда. Министр Н.Мырзахмедов Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттеди жүргүүнү тапшырды.

 Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда, министр Н.Мырзахмедов турак-жайларды камсыздандыруу керек экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле, кырсыктын кесепеттерин жоюуга бардык күч аракеттер жумшаларын билдирип, түнү-күнү тынбай иштеп жаткан куткаруучуларга алкыш айтты.  

 Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде кырсыктын чыгымдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Маалымат үчүн: Лейлек району. 2018-жылдын 13-майында саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен:

         Исфана шаары. Акчайыр балдар интернатынын жер төлөөсүнө, Наристе бала бакчасынын жер төөлөсүнө, 5 турак үйгө, 17 турак үйдүн короолоруна, Чимген айылындагы Арча-Бешик балдар бакчасынын жер төөлөсүнө, чарбагына, Ынтымак балдар бакчасынын жер төлөөсүнө сел суулары кирген.   

         Ошондой эле, 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым  ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. 90 метр  курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен.  Самат айылында КР ӨКМги тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен. Калта кол тилкесинде атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагалга толтурган.

         Ак-Суу айыл аймагы. Суубашы айылындагы 5 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, унаа каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан тышкары КР ӨКМги тарабынан атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагал басып калган, 2 даана жогорку чыналуудагы электр мамычаларын, 7 баш ийри мүйүздүү малды сел агызган.

Ак-Суу айылында орто мектебине сел суулар кирген. Кызы-Бараз участкасындагы арыктын башын сел агызып кеткен. Мындан тышкары 500 метр  ички чарбалык  арыктарды сел суулары басып калган жана 1 даана ички чарбалык көпүрөнүн 1 стойкасынын астын сел суулары жууп, 4 сугат суу бөлуштүргүчтөрдү сел бузуп, 5 га үлүш жерлерди шагыл аралаш сел каптаган.

Алга  айылында  11 гектардан ашык үлүш жерлерди, 3 гектар мамлекеттик фондун жериндеги эгиндерди сел баскан.

Сумбула айыл аймагы. Исфана-Көкташ унаа жолун сел алган, каттам кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле, 1 жеңил унааны сел басып калган.

Бешкент айыл аймагы. Эскиоочу айылында 6 турак үйлөрдүн жер төөлөсүнө сел суулары кирген. Абалдары канаттандырарлык. Мындан тышкары Көгүчкөн балдар бакчасынын жер төлөөсүнө, 8 жер тилкелерине  сел суулары кирген, 4 чакырым  ички чарбалык жолдорду сел алган, 2 чарбалык имараттар бузулган.

Мектеп сай учаскасында  КР ӨКМги тарабынан атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 90 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагал басып калган. Мындын тышкары 2 чакырым ички арыктарды сел алып, кум шагал басып калган, ошондой эле 2  унаа селден жабыркаган.

Кулунду айыл аймагы. Кушлук сай сел кетүүчү сайындагы жаныдан курулуп жаткан автоунаа өтүүчү көпүрөнүн бир жак тарабын сел жууп кеткен.

Интернационал айылында бир дүкөндүн ичине сел кирген.

Комунизм айылынын Коровник участкасыда 4 турак үйдүн пайдубалдарына сел кирген.

Маргун айыл аймагы. Маргун айылында 300 метр латокту сел алып, кум шагыл басып калган.

         Даргаз айылында 1,5 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум шагал басып калган, 6 баш кичи  мүйүздүү (МРС) малды сел агызып кеткен.

Дархум айылында 3 чакырым ички чарбалык Дархум- Мадиген жолун сел алып, кум шагал басып калган.

         Чурбек айылында 3 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум шагал басып калган.

         Жалпы район боюнча 27 турак үйгө (Бешкент а. –22, Исфана - 5), 61 турак үйдүн жер тилкелерине (огород) (Бешкент–47, Исфана - 14), 6 соц. объектинин (Исфана ш.–Акчайыр, Наристе, Ынтымак бала бакчалары, Чимген айылы–Арчабешик бала бакчасы, Бешкент а.а.- Көгүчкөн бала бакчасы жана Аксуу а\а орто мектеби) жер төлөөлөрүнө, 34 чарбалык имараттардын короосуна (ашкана) сел суулары кирген. Район боюнча селден 69 га жер аянттары жабыркаган. ЖТИнын балансындагы 4 көпүрө жабыркап, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 242 баш кичи мал ал эми 30 ири мүйүздүү мал жандыктары селге агып кеткен. 23,6 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. 6,2 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган.

Кырсыктардын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчылыгындагы ыкчам топ, облустук жана райондук ЖК комиссиялары, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 50 куткаруучу, КР ӨКМнин №1 Өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунан 11 куткаруучу, КР ӨКМнин  Лейлек райондук №52 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 13 куткаруучу, Лейлек райондук №74 Өрт –куткаруу бөлүмүнөн 17 куткаруучу, Лейлек райондук №108 Өрт-куткаруу бөлүлүмүнүн 9 куткаруучу, жалпы 100 куткаруучу,  айыл аймактан 3 экскаватор, жол тейлөө ишканасынан 4 грейдер, 2 жүктөгүч, Кытай жол куруу компаниясынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган.

        

 Исфана шаарында 7 турак үйдүн короолору, 2 үйдүн ичи, 3 турак үйдүн жер төлөөсү жана Арча-Бешик балдар–бакчасынын жер төлөөсү сел суулардан тазаланып бүткөрүлдү.  Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 15-май күнү тиешелүү иштер улантылат.

         Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында 2018-жылдын 13-май күнү райондук Жарандык коргонуу  комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-майындагы №02/89 “Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө”  буйругу чыккан. 

Лейлек районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен балдар бакчалардын, үйлөрдүн жер төлөөлөрүнө суу кирген.

КР ӨКМнин №74 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, КР ӨКМнин №108  өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, КР ӨКМнин №1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жана КР ӨКМнин  3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары мотопомпанын жардамында сел сууларды сордурушуп, короолордогу сел сууларды тазалашкан. Жалпы 100 куткаруучу тартылган.

 

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы