Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Аба ырайы

11.04.2018

Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын күндөлүк болжолдоо баракчасы

Шашылыш билдирүү!

12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында  жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

2018-жылдын 11-апрелинен 14-апрелине чейин жаап өткөн жаан  чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 74-90 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

12-14-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден,             13-14-апрелде Чүй өрөөнүндө  15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 16-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.         

17-18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтулөт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

 

12-14-апрелде Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

12-14-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 13-14-апрелде 14 метрге жетиши күтүлөт.

 

 

12-14-апрелде Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

12-14-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы