Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Өзгөн борбордук базарында өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү

06.04.2018

2018-жылдын 5-апрель күнү Өзгөн борбордук базарында КР ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан атайын өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Өрт тактикалык машыгууга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, Өзгөн шаардык мэриясы, Өзгөн райондук ИИБү, Өзгөн райондук ЭТКМИнын адистерикатышышты.

Өзгөн борбордук базарынын Келечек кичи базарчасынан батыш тарабындагы дарбазага чейинки жана батыш тараптагы дарбазадан түштүк тарапта жайгашкан «Ширин» кичи базарчасынын соода-сатык дүкөндөрүнүн өрт коопсуздук абалын көзөмөлдөө жана өрт өчүрүүчү автоунаа жүрүүчү жолдорго орнотулган убактылуу соода прилавкаларын тартипке келтирүү.

Өрт тактикалык машыгуу белгиленген мерчем боюнча саат 10:15де башталган. Өзгөн шаардык №53-Өрткө каршы куткаруу кызматынын экинчи өрт өчүрүү бөлүкчөсү Өзгөн борбордук базарынын батыш тарабындагы дарбазасынан кирип, өрт болуп жаткан жерге жетип барган. Түшкөн кабар боюнча саат 10:15де чыгып, борбордук базарынын батыш дарбазасына 10:20да жетип келген, бирок базардын түштүк тарабындагы ички жолдордо көп тосколдуктар болгондуктан, өрт өчүрүү автоунасы өрт кырсыгы болгон жерге саат 10:35де жетип келип, өрт өчүрүүгө киришкен.      

         Өзгөн борбордук базарында жайгашкан соода-түйүндөрүндө, коомдук тамактануу ашканалар жана башка соода-сатык түйүндөрүнүн өрт коопсуздук абалын жакшыртуу үчүн Өзгөн борбордук базарынын жетекчилиги жана кичи базарлардын ээлери кескин чараларды көрүүлөрү зарылдыгы эскертилди.

         КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы