ӨКМдин куткаруучулары жоголуп кеткен 5 жашар баланы таап беришти
05.04.2018
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2018-жылдын 3-апрелинде саат 17:30 чамасында Кайырма-Арык айылынын тургуну 2013-жылы туулган Э. Аширов үйдөн чыгып тоону көздөй бет алган боюнча кайра үйүнө кайтып келген эмес. Дайынсыз болгон күнү өз күчтөрү менен ата-энеси жана туугандары издешип, бироок жыйынгы чыккан эмес.
Издөө иштерине КР ӨКМнин Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 22 куткаруучу, РИИБнен 80 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 150 адам тартылып. 2018-жылдын 4-апрель күнү издөө иш-чараларын натыйжасында, саат 18:30 чамасында Кайырма-Арык айылынынан 4 чакырым алыстыкта тоо жактан токойчулар тарабынан тирүү табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Абалы канааттандырарлык.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.




Ыкчам кезметчи
тел: | +996(3222)2-18-44 |
сот: | +996(770)800-100 |
факс: | +996(3222)5-60-77 |
e-mail: | od.mchs@mail.ru |
Министрдин кабылдамасы
тел: | +996(312)54-79-86, |
+996(3222)2-33-46 | |
e-mail: | mchs@elcat.kg |
Ишеним телефону:
тел: | (03222) 2-27-66, |
Коомдук кабылдама:
тел: | (03222) 2-27-66 |