Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Бишкек шаарынын орто мектептеринде эвакуация жолдору боюнча окуулар жүргүзүлдү

02.04.2018

2018-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында №13, №12 орто мектептеринин окуучулары үчүн КР ӨКМге караштуу Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ага-окутуучулары тарабынан, өрт кырсыгы учурунда өзүн-өзү туура алып жүрүү эрежелери боюнча сабактар жүргүзүлдү.

Окуучулар үчүн “Алгачкы өрт өчүрүү каражаттары жана өрт учурундагы эвакуация жүрүшүнүн эрежелери” үйрөтүлдү.

Окуучулар үчүн  машыгуу уюштурулуп, анын алкагында имараттардан коопсуз жайга чыгаруу ыкмалары көрсөтүлүп, жыйынтыгында өрт өчүрүүчү каражат колдонуу менен практикалык иш чаралар уюштурулду.

Окутуунун максаты, өзгөчө кырдаал чыкканда же өзгөчө кырдаал чыгышына коркунуч туулганда калкка моралдык-психологиялык жактан туруктуулук сапатына калкты көндүрүү.  Анын ичинде, тиешелүү аймактарда болушу мүмкүн болгон ар кандай мүнөздөгү ӨКнын (табигый, техногендик жана экологиялык, социалдык-биологиялык, чыр чатактык мүнөздөгү) жалпы  мүнөздөмөсү жөнүндө, табигый кырсыктардын  чыгуу себептери, мүмкүн болгон кесепеттери, жоготууларды алдын алуу жана азайтуу, алардын кесепеттерин жоюу тууралуу түшүнүк берүү болуп эсептелди.

Кошумча Боорсок соода түйүнүнүн жетекчилигинин  кайрылуусунун  негизинде, өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча сабактар жүргүзүлдү.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы