Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

29.12.2017

Урматтуу кесиптештер!!! Сиздерди кирип келе жаткан 2018 – Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жакындап кирип келе жаткан жаңы жылыбыз элибизге жакшылыкты, аманчылыкты жана молчулукту  алып келсин. Жаңы жылда алдыга койгон ой-максат тилектериңиздер кабыл болуп, ишиңиздерде ийгиликтер боло берсин.

Өтүп бара жаткан жыл биздин министрлик үчүн оңой жана жеңил жылдардан болгон жок, ошол көптөгөн кыйынчылыктарды, өзгөчө кырдаалдарды өз убагында ыкчам жоюуп, элибиздин коопсуздугуна ар бир кызматкердин, Сиздердин кошкон салымыңар чоң экендигин баса белгилеп кетем.

Сиздердин тынымсыз жасаган эмгегиңерди, жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү ишиңиздерди баалап ар бириңиздерге чың ден соолук, узун өмүр, ар бир үй-бүлөдө ынтымак орноп, жакын адамдарыңыздар аман болуп, бакубат өмүр сүрүшүнө   тилектешмин.

Жаңы 2018-жыл жаңы үмүт-тилектерди ишке ашырган, мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзгөн, жаңы ийгиликтерге, аска-зоодой бийиктиктерге үндөгөн, Ала-Тоолуу кыргыз жергесине тынчтыктын жана ынтымактын нурун төккөн, элибизге токчулук тартуулаган ак жолтой жылдардан болсун!

        Сиздерди дагы бир ирет, кирип келе жаткан жаңы 2018-жылыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Жаңы жылыңыздар менен!

 

Урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар министри                                             

генерал-майор                                                             К.А.Боронов

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Январь 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы