Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

ӨКМ Сиздерге кырсыксыз майрам каалайт!

28.12.2017

ӨКМ Сиздерге кырсыксыз майрам каалайт! Пиротехника-(пиротехния)- белгилүү бир белгини же эффективдүү алуу үчүн күйүүчү курамдарды даярдоонун жана күйгүзүүнүн технологиясына байланышкан техниканын тармагы. Анын түрлөрүнүн бири- көңүл ачуучу болуп саналат. Негизинен булар фейерверктик буюмдар- петардалар, бенгал шамдары, тарс этмелер, ракеталар, фонтандар, салюттар.

Эгерде Сиз шааншөкөт пиротехникасын майрамдоо, кайсы бир салтанат үчүн колдонууну пландаштырып жатсаңыз, анда маанилүү маалыматты эстеп калыңыз:

Пиротехникалык буюмду тандоо:

-         колдон жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаныз!

-         пиротехникалык буюмдарды сатып алып жатып, кунт коюңуз, шайкештик сертификатынын, мамлекеттик тилдеги нускаманын бардыгын, жарактуулук мөөнөтүн текшериңиз.

-         бардык пиротехникалык буюмдар менен колдонуп атып, өтө кунт коюу менен алардын нускамалары менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуздук аймактарына өзгөчө көңүл буруңуз.

 

Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери:

-         пиротехникалык буюмдарды пайдалануудан мурда фейерверкти Сиз кайсы жерде колдоносуз, кандай пиротехникалык буюмдарды пайдаланасыз жана аны кантип уюштурасыз.

-         фейерверк үчүн орунду тандаңыз. Эн мыкты жер бул учүн ачык аянт,короо, сквер же курулуштары жана бак дарагы болбогон ачык жер эсептелинет.

-         Тандалган жерди тыкандык менен карап чыгыңыз, жакын жерде (100 метр тегеректе) өрт коркунучу бар обьектилер, автомобилдердин токтоп туруучу жайы, жыгач сарайлар жана гараждар ж.б.у.с. болбошу керек.

Эгерде сиздин короо чакан жана тар болсо, анда сиз чектелген ассортимент менен, негизинен жерге жакын аракет кылган буюмдар менен пайдалансаңыз болот: петардалар, тарс этмелер, оттуу айлампалар жана дөңгөлөктөр менен, бирок эч качан жогору учкан буюмдар-ракеталар, көпөлөктөрдү пайдалануудан алыс болуңуз.

Жогорудагы жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат, себеби алар терезеге же форточкага кирип кетиши мүмкүн, чердакка же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. Ошондуктан үйдөн алысыраак кетип, ылайыктуурак жерди табууга аракет кылыңыз. 

 

Тыюу салынат:

-         салюттарды колдон учурууда (тарс этмелерден, бенгал отторунан, фонтандардын айрым түрлөрүнөн тышкары) жана алар иштегенден кийин 2 мүнөт ичинде жакындоого.

-         Аларды пайдаланууда анын үстүнөн эңкейүүгө.

-         Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле даяр буюмдарды чачууга жана кайра өзгөртүүгө.

-         Пиротехниканы жабык жайларда, квартираларда, офистерде колдонууга( жабык жайларда колдонууга уруксат берилген тарс этмелерден, бенгал отторунан жана фонтандардан башка).

-         Балдарга өз бетинче пиротехникалык буюмдарды аракетке келтирүүгө.

-         Суу болгон пиротехникалык буюмдарды жылыткыч приборлордо-жылуулук батареяларында, жылыткычтарда ж.б. кургатууга.

 

Эскертүү! Эгерде күйгүзүлгөн петарда атылбаса, аны ачпагыла! Аны үңүлүп карабагыла, кулакка тыңшабагыла-так ошол учурда ал жарылып кетиши ыктымал.

 

Сиздерге жайдары жана коопсуз майрамдарды каалайбыз!

 

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Январь 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы