Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Баткен облусунда бир үй бүлөөдөн үч адам “ич келте” оорусу менен ооруп, ооруканага жаткырылды

07.12.2017

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл аймагында 2017-жылдын 28-ноябры күнү Самаркандек айылынын тургуну, 1980-жылы туулган С. М. анализинен “ич келте” оорусу аныкталып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Мындан сырткары 30-ноябрда С. М.нын 2009-жылы туулган кызы жана 3-декабрда 2011-жылы туулган уулу ич келте оорусуна шектелип, ушул эле оорукананын инфекция бөлүмүнө жаткырылган.

Самаркандек айыл аймагынын №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 5 кызматкер тартылып, Самаркандек айыл аймагында курамында медициналык кызматкерден турган штаб түзүлүп, 2017-жылдын 6-декабрына карата Көк-Таш, Самаркандек айылдарында 45 үйдү кыдырышып, жалпы 498 адам, ошондой эле 319 мектеп окуучуларын медициналык кароодон өткөрүштү. Текшерилгендердин арасында дене табы көтөрүлгөндөрү байкалган эмес.

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган балдар менен бирге окуган 50 мектеп окуучусунан жана айылдагы ичүүчү таза суудан анализге суу алынып, райондук жугуштуу оорулардын алдын алуу жана санэпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөтүлгөн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы. 

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы