Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга дагы 4 даана мобилдик турак үйлөр берилди

05.12.2017

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-майында болгон жер титирөөдөн турак жайлары жабыркап, аталган аймакта курулушу бүтпөгөн үй-бүлөлөрдү кыш мезгилинде убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында, 2017-жылдын 4-декабрында кошумча дагы 1 бөлмөлүү 4 даана мобилдик турак үйлөр бөлүнүп, КР ӨКМнин 4 даана даана оор жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлгөн.

2017-жылдын 5-декабрында Жекенди айыл аймагынын Шибе айылына  жеткирилип, тиешелүү жарандарга берилет.

2017-жылдын 30-ноябрынан 4-декабрына чейин жалпы 11 даана (1 бөлмөлүү 10 даана, 2 бөлмөлүү 1 даана) мобилдик турак үй жеткирилген.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 30-ноябры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда жумуш сапары менен болуп, жаратылыш кырсыгынан турак жайлары жабыркаган жарандар менен жолугушкан. Райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл аймактардын жарандык коргонуу комиссиялары мобилдик турак жайга муктаж болгон үй бүлөөлөрдүн санын тактап беришүүдө.

КР ӨКМнин автоунаалары менен 2017-жылдын 16-майынан 20-октябрына чейин жалпы 4281 тонна цемент жеткирилген. Мындан сырткары 2017-жылдын 8-августунан 1-октябрына чейин 374 500 даана кыш жеткирилген.

Ошондой эле, жер титирөөдөн жабыркаган элге жардам берүү максатында КР ӨКМ тарабынан атайын эсеп ачылып, эсепке 2017-жылдын 13-сентябрына чейин (эсеп жабылган күн) 26 млн. 230 миң 176 сом 38 тыйын түшүп, анын ичинен 2017-жылдын 13-сентябрына карата 24 млн. 632 миң 188 сом жергиликтүү бийлик тарабынан элге таратылып берилген.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы