Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Жыл башынан бери снараддарды зыянсыздандыруу боюнча 6 жолу иш-чара өткөрүлгөн

14.11.2017

Кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чарасы адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында жүргүзүлөт. Мындай иш-чара жүргүзүү өзүнүн натыйжасын берип келе жатат. 2012-жылга чейин бийик тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүдөн жыл сайын ондогон адамдар каза болуп келген. Алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, тагыраак айтканда, кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чараларынын натыйжасына адамд өлүмү кескин кыскарып, суткалап жолдорду жабылышы токтогон.

Ошого байланыштуу 2017-жылдын башынан бери кар көчкүлөрүн атайылап аткылап түшүрүү иш-чаралары жалпысынан 20 жолу өткөрүлгөн жана бул иш-чарага жалпысынан 1 121 даана снаряд коротулуп, адам өмүрүнө кооптуулук жаратып турган жалпы көлөмү 2 995 660 м3 га жеткен кар көчкүсү түшүрүлүп, кырсыктын алды алынган.

Атылган снаярддардын ичинен ар кандай себептер менен 147 даанасы жарылбай калган.

Ал эми снаряддарды зыянсыздандыруу үчүн жылдын башынан баштап 6 атайын иш-чаралар өткөрүлгөн. Тактап айтсак, Бишкек-Ош автоунаа жолунда 123 даана жарылбай калган, КР ӨКМнин 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 408, 2017-жылдын 3-июлундагы № 724 буйруктарынын негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы 28 даана снаряд табылган. Эгер тактап айтсак, 133-чакырымда 4 даана, 223-чакырымда 1 даана, 226-чакырымда 4 даана, 231-чакырымда 6 даана, 246-чакырымда 13 даана.

Балыкчы-Казарман унаа жолунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 11-мартындагы № 238, 2017-жылдын 16-октябрындагы №1201 буйруктарынын негизинде жалпы 1 даана снаряд 325-334-чакырымдарында табылган.

Каракол-Эңилчек автоунаа жолунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 31-июлундагы № 867 буйругунун негизинде издөө иштери жүргүзүлүп 3 снаряд зыянсыздандырылган, ал эми (47-82 - чакырымы) жарылбай калган 1 даана снаряд табылган жок.

Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Акташ автоунаа жолдорунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 19-августундагы № 949 буйругунун негизинде 2 даана снаяряд табылган.

Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунда жалпысынан 2 даана снаряд болсо, анын 1 даанасы жарылбай калып жеринде табылып жок кылынган, 1 даанасы 2017-жылдын 14-августунда 9-10-чакырымдардан тоодон малчынын жардамчысы Сагын Наралиев таап алгандыгын билдирип, 2017-жылдын           15-августунда зыянсыздандырылган.

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автоунаа жолунда жалпысынан 9 снаряд болсо, зыянсыздандыруу иш-чаралары аткарыла элек, мерчемделүүдө.

 

Нарын облусунун аймагындагы Сары-Булак–Соң-Көл автоунаа жолунда жалпысынан 2 снаряд болсо, 1 даанасы 2017-жылдын 8-августунда 33–чакырымыда  таюылган, 1 снаряд табылган эмес.

Казарман–Акталчат-Нарын автоунаа жолунда жалпысынан 3 снаряд болсо, КР ӨКМнин 2017-жылдын 11-мартында №238 буйругунун негизинде издөө иштерин жүргүзүшүп, 85–чакырымында 3 снаряд табылган.

Акыркы маалымат боюнча жалпысынан жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иш-чараларынын натыйжасында 40 даана снаряд табылып, ичинен 107 табылбай калган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы