Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Кыргызстан менен Тажикстандын чукул кырдаалдар министрликтеринин биргелешкен отуруму өткөрүлүүдө

10.11.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 10-ноябрында Тажик Республикасынын Согду облусунун Гулистан шаарында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов жетектеген делегация, Тажик Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргоо боюнча комитети жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экинчи биргелешкен коллегиясынын отурумуна катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты болуп, эки өлкөнүн чек арасындагы  калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын  ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулоо саналат.

Отурумда КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов чыгып сүйлөдү. Чукул кырдаалдар мекемесинин башчысы өз сөзүндө өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, чек аралаш жайгашкан жерлердеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы кызматташтыкты чыңдоо керектигин баса белгилеп өттү.

«Бүгүн, биз КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Тажик Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргоо боюнча комитетинин  экинчи биргелешкен коллегиясына катышып жатып, иш-чаранын жүрүшүндө чек аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине токтолобуз, тактап айтканда өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо багытында, авариялык-куткаруу жана издөө иштерин жүргүзүү, атайын алдын алуу иш-чаралары, өзгөчө кырдаалдар болгон учурда калкты кабарландыруу механизмин жакшыртуу багытындагы маселелерди талкуулайбыз. Мындан ары дагы биргелешкен коллегиялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоону жакшыртууда натыйжалуу платформа болуп калат деп ишенемин»,-деди министр К.А.Боронов.

Коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажик Республикасынын Согду облусу менен чектешкен жерлердеги табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маселелерин, аларды чечүү жолдорун талкуулоо, чек арада жашаган калкты жана аймактарды коргоо үчүн атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, авариялык-куткаруу жана издөө иштерин биргелешип жүргүзүү боюнча машыгууларды өткөрүү багытындагы маселелерди талкуулоо мерчемделүүдө.                         

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы