Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Аба ырайы

03.11.2017

Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт!!!

Аномалдуу ысык жана кургак аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 3-ноябрда күндүз жана 4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 3-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 4-5-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн    -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

6-7-ноябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда  жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

4-8-ноябрда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы

 

4-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

5-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

 6-7-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге  жетет.

 8-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, күндүз  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

9-10-ноябрда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 9-ноябрда  күндүз жана 10-ноябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

 

4-6-ноябрда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

4-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

5-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

4-6-ноябрда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

4-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы