Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Бишкек шаарында бир үй, үч унаа күйүп кетти

03.11.2017

Бишкек шаарынын Ленин районунда 2017-жылдын 3-ноябрында саат 01:15 чамасында Гагарин-Люксембург көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабатту мансарда тибиндеги турак үй жана “Мерседес Спринтер”, “Жигули”, “УАЗ” үлгүсүндөгү унаалар күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзөт.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Биринчи-Май райондук №4 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Биринчи-Май райондук №8 атайын аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Ленин райондук №6 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, Октябрь райондук №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ШТАБ, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан Көчмө байланыш пункту (ППУ) менен ыкчам топ, КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 7 куткаруучу, тез жардам кызматы, КР ИИМнин патрулдук милициясы жана Тазалык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа тартылды.

         Аткарылган иш-чаралардын негизинде саат 02:36да өрт чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлдүн. Өрттүн чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы