Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

ӨКМде 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүүдө

31.10.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 31-октябры күнү саат 10:00дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда (ЦУКС) Бишкек жана Ош шаарларында бардык облустарды кошуу менен он-лайн режиминде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри,генерал-майор Боронов Кубатбек Айылчиевич төрагалык кылган министрликтин 9 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга КР Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүнүн эксперти Абдыталип Камалов, КР ӨКМдеги Байкоочу кеңештин төрагасы Жумабек Акматов, Министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышууда.

Күн тартибинде 2 маселе каралат:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2017-жылдын тогуз айында аткарган иштеринин жыйынтыгы.

2. Ар түрдүү маселелер.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2017-жылдын тогуз айында аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө баяндама жасоодо.

Министрдин орун басары полковник Калыс Ахматов Кыргыз Республикасынын аймагында 2017-жылдын 9 айында 318 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталып, андан келтирилген материалдык чыгым 896 млн 844 миң 800 сомду түзүп, 2016-жылга (943 млн 525 миң 800 сом) салыштырмалуу 2017-жылы 4,7 % га азайгандыгын белгиледи.Анын ичинен: 2017-жылдын 9 айында көп кездешкен өзгөчө кырдаалдар: кар көчкү 104, жер көчкүлөрүнүн түшүүсү - 67,  сел - 46, суу ташкыны -36,  оор кар 16, катуу шамал 12 жолу катталган.Куткаруу жана өрт куткаруу иштеринин натыйжасында 236 адамдын өмүрү куткарылды.

Белгилей кетсек, КР ӨКМ тарабынан 2017-жылдын 9 айында алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында КР ӨКМ тарабынан бир топ жумуштар аткарылууда. Айтсак, капиталдык курулуш,авариялык-калыбына келтирүү жана атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу  жумуштары боюнча баардыгы болуп 2017-жылга 424(118-306) обьектте жумуш жүргүзүү мерчемделген. 2017-жылдын 9 айында 473 объектте жумуш жүргүзүлүп (өзгөчө кырдаал болуп кеткен учурда кошумча 54 объект), анын ичинен 373 объект пайдаланууга берилип, 30 объектте иштер улантылууда.

 Аткарылган иштердин натыйжасында узундугу 13638,6 метр (п/м) дамба, 2 көпүрө, узундугу 2845 метр (п/м) канал курулуп2,6 чакырым ички чарбалык жол кардан тазаланып, 62917 м3 көлөмдө селкананы жана 1242 метр (п/м) дарыяны тазалоо иштери аткарылды.

Жыйынтыгында 20619 кожолук жана 24239 га айыл чарба аянттары, 2 көпүрө, 13 ички чарбалык көпүрө, 19 мектеп, 1 ипподром, 5 бала бакча, 1 соода түйүнү, 5 мечит, 11 медициналык пункт, 1 көрүстөн, 2 дүкөн, 2 мүрзө, 7 кашар, 2 суу тосмо, 1 жугуштуу ооруган жаныбарлар көмүлгөн жай (скотомогильник), 2 Текшерип-өткөрүү пункту (КПП), 2 чек ара мамычалары, 6 социалдык объектилер корголгон.

   Малыматты уккан Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында жарандык коргонуу кызматтары менен жергиликтүү бийликти жана жергиликтүү калкты да коргоо иштерин жүргүзүүдө активдүү катыштыруу зарылдыгына токтолду.

"Аткарылган иштердин көрсөткүчтөрү жакшы, бирок, жарандык коргонуу кызматтары, башка мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү калк да бул багыттагы жумуштарга активдүү катышуусу зарыл. Бир эле министрликти карап отура берүү туура эмес. Биздин мамлекет тоолуу болгондуктан табигый кырсыктардын дээрлик бардык түрү бар. Ошондуктан ар бир министрлик, ар бир мекеме-ишкана жана жергиликтүү калк курулуш курабы, жол салабы, арык казабы, баары талапка жооп бергендей болуусу зарыл. Ал эми кырсык болгон учурда менчигинин түрүнө карабастан кырсыктын кесепетин жоюуга катышуусу зарыл. Ушул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, зарыл болгон мыйзамдарды иштеп чыгуу керек"-деди К.Боронов.


 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы 

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы