Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Бишкекте кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата студентер үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулду

05.10.2017

2017-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 33-июнундагы №225-р буйругуна ылайык «Адамдарды куткарып калуунун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуунун социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык 5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү»- деп белгилөө боюнча атайын ачык эшиктер күнү уюштурулган.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы «Өзгөчө кырдаалдардын коргоо» адистерин даярдаган жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана 1-курстун студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге алгач өзгөчө кырдаалдар жөнүндө теориялык түшүнүктөр берилип, андан кийин КР ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш багыттары жана шаймандары көргөзүлдү. «Студенттер үчүн келечекте өз кесиби кандай иш-аракеттерди аткараары жана кандай шаймандар менен куткаруу иштерин жүргүзөөрү абдан кызык болду. Мындан ары да биз бул жогорку окуу жайлары менен жогорку деңгээлде, сапаттуу адистерди даярдоо багытында иштеше бермекчибиз» - деп билдирди Жарандык коргоонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун башчысынын орун басары полковник Миңболот Бекжанов.

Алып айтсак мындай иш-чаралар республика боюнча КР ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан уюштурулуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсык учурунда өзүн туура алып жүрүү эрежелерин калкка жеткирүү болуп саналат.

 

КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы