Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Кышка карата даярдыктар боюнча пресс-конференция болуп өттү

05.10.2017

2017-жылдын 5-октябрында «Кабар» маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Өзгөчө кырдаалдар боюнча кышка карата даярдык», «Шашылыш билдирүү берилгенден кийинки учурдагы абал», «5-октябрь кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү жөнүндө» маалымат жыйыны болуп өттү. Анда КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун орун басары полковник Мамбетов Азамат Муратович катышып, өзгөчө кырдаалдар боюнча кышка карата даярдык иш-чаралары боюнча массалык маалымат каражаттарына кеңири маалымат берип өттү.

Атай кетсек, 2017-жылдын башынан баштап  62 шашылыш билдирүү (кар көчкү коркунучу боюнча-31, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү боюнча-17, сел коркунучу боюнча-12, үшүк боюнча-1, ченемден тышкара ысык боюнча-1) (2016-жылы -56) берилди, анын негизинде 13 буйрук  чыккан (11 кар көчкүлөрдү мажбурлап атып түшүрүү боюнча, 1 туруксуз аба-ырайы боюнча, 1 сел коркунучу боюнча) (2016-жылы -5), 62 телефонограмма (кар көчкү коркунуч боюнча-31, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү боюнча-17, сел коркунучу боюнча-12, үшүк боюнча-1, ченемден тышкара ысык боюнча-1) (2016-жылы -56) чыгарылып, облустук, мамлекеттик администрацияларга жана Республиканын Жарандык коргоо кызматтарына жеткирилген.

Шашылыш эскертүүлөр бардык республикалык телеканалдар, FM-радиолор жана маалыматтык  интернет сайттары  аркылуу калкка жеткирилген.

Жыл башынан бери 61 СМС (2016-жылы -57) билдирүүлөр уюлдук операторлор (кар көчкү коркунучу боюнча-31, аба-ырайы кескин өзгөрүүсү боюнча-16, сел коркунучу боюнча-12, үшүк боюнча-1, ченемден тышкара ысык боюнча-1 ) аркылуу калкка жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2011-жылдын 29-июлу № 435 «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабды түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык КР ӨКМге төмөндөгүдөй милдеттер артылган:

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоону, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу ыкчам маалыматтарды жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;

- мүмкүн боло турган кар, жер көчкүнү, таш кулоону алдын алуу жана мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди уюштурууну жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин артиллериялык жана авиациялык бөлүмчөлөрү үчүн керектүү күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүп берет;

- тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды өз учурунда даярдоо үчүн кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү, жер көчкүлөрдүн, таш кулоонун жана башка жылышуу процесстеринин алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн болжолдуу мөөнөттөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине жана ведомстволоруна алдын ала маалымдайт.

Мындан сырткары КР ӨКМдин күч-каражаттары кыш мезгилиндеги болуп кетүүчү кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында толугу менен даярдыка келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 33-июнундагы №225-р буйругуна ылайык «Адамдарды куткарып калуунун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуунун социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык 5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп белгиленет.»

Буйрукту аткаруу максатында КР ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрү калк арасында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча иш-чараларды уюштурууда.

 

КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы