Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Өткөн суткада Түптө мөндүр, Ала-Арча менен Токтогулда кар катуу жааса, Базар-Коргондо үшүк катталды

05.10.2017

Кыргыз Республикасынын аймагында 4-октябрда саат 09:00 дөн 5-октябрда саат 09:00 нө чейин байкалган аба ырайы жөнүндө маалымат

4-октябрда күндүз жана 5-октябрда түнкүсүн Өзгөн районунда жана Жалал-Абад шаарында, Кара-Суурайонунда катуу жаан жаапТөө-Ашуу ашуусунда жана Ала-Арча капчыгайында катуу кар жаады5-октябрда түнкүсүн  Базар-Коргон районунда -0°ка жеткен үшүк катталды. 4-октябрда күндүз жана 5-октябрда түнкүсүн Токтогул ойдуңунда жана Ысык-Көл акваториясында батыштан соккон, ылдамдыгы секундасына 20-24 метрге жеткен катуу шамал катталды. 5-октябрда түнкүсүн  Ысык-Ата, Аксы, Базар-Коргон райондорунда туман түшүп, көрүү аралыгы 50-500 метрге чейин төмөндөдү. 4-октябрда күндүз Түп районунда мөндүр жаап, диаметры 4 ммтүздү.  

4-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын катталды (0,0-14,0 мм). Абанын жогорку температурасы  көпчүлүк аймактарда 5…12°га чейин төмөндөп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 11…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө 6…9°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 9…15° жылуу болду.

5-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарыноблустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катталды (0,4-8,2 мм). Талас, Баткен облустарында жаан-чачын катталган жок. Абанын төмөнкү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө  2…5°,  Ысык-Көл ойдуңунда 2…7°, Балыкчы шаарында 0° болду, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 5...9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…7°, Ак-Таала районунда 0° болду.     

Бишкек шаарында 4-октябрда абанын суткалык орточо температурасы климаттык нормадан 8,2° төмөн болду. 4-октябрда күндүз абанын жогорку температурасы 7°, 5-октябрда түнкүсүн төмөнкү температурасы 5° жылуу болду.

Ош шаарында 4-октябрда күндүз абанын жогорку температурасы 12°,       5-октябрда  түнкүсүн төмөнкү температурасы 6° жылуу болду.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы