Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата ӨКМнин адистери ОшТУнун студенттери менен жолугушту

05.10.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 5-октябры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинде “Кырсыктардын тобокелин азайтуу” күнүнө карата КР ӨКМнин борбордук аппаратынын жана Ош шаарында жайгашкан түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр менен башкармалыктардын башчылары университеттин студенттери менен жолугушуп, пикир алышты.

Иш-чара калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүү жана бөөдө кырсыктарды болтурбоонун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жарандарга кеңири маалымат берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225 буйругунун негизинде “5-октябрь-Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү” деп жарыяланып, анын негизинде биринчи жолу белгиленип жаткандыгынын алкагында болду.

        Иш-чарага  КР ӨКМнин Борбордук аппаратынын кызматкерлери, КР ӨКМнин Ош шаарындагы Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары, КР ӨКМнин Ош шаарындагы өрткө каршы куткаруу кызматынын куткаруучулары, Ош технологиялык университетинин студенттери жана мугалимдери катышты.

         Иш-чарада 2017-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын аймагында 318 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталып, андан 119 адам курман болгондугу айтылды. Ал эми өзгөчө кырдаалдардан 896 млн.844 мин800 сом материалдык чыгым келтирилген.

      Жалпысынан 2017-жылдын 9 айында КР ӨКМнин түзүмдүк-бөлүмдөрү тарабынан 236 адам куткарылган. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Эрмек Абдраманов маалымат берди.

 Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Куткаруу кызматынын жана  өрт-куткаруу бөлүмүнүн, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын адистери жарандарды куткаруунун жолдорун практикалык шаймандардын негизинде көрсөтүштү. Студенттер өздөрүн кызыктырган ар кайсы багыттагы суроолорун беришип, ынанымдуу жоопторду алышты. Ал эми университеттин жетекчилиги мындай жолугушуулар өтө пайдалуу экендигин билдиришип, мындан ары да тыгыз байланышта жумуш жүргүзүүнү суранышты.

Эскерте кетсек, "5-октябрь - бүткүл дүйнөлүк бөөдө кырсыктардын кесепетин азайтуу күнү" катары буга чейин да КР ӨКМ тарабынан белгиленип келген, ал эми быйыл расмий түрдө 1-жолу белгиленип жатат. 

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы