Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Дайынсыз болуп жаткан Талас облусунун чабандары табылды

05.10.2017

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябры күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо койу жана 3 үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калышкан.

Аларды издөө-куткаруу иштерине жалпсы 29 куткаруучу: КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгынан 9 куткаруучу, КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылды. Андан сырткары жергиликтүү тургундардан 11 адам жардам беришти.

2017-жылдын 4-октябры күнү таңкы саат 05:40та куткаруучулар Күмүш-Так жайлоосунда калган чабандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Саат 10:30 чамасында Ала-Тай тоосун ашып издөөгө жөө жана ат менен кетишкендигин билдиришкен. Андан кийин байланыш болгон эмес.

Дайынсыз болуп жаткан чабандар саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келишип, айылга жакын “Эски штаб” деп аталган жерге чатырын тигип, жайгашышкандыгы боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын чабандары маалымат беришкен.

Саат 20:30да КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары капитан Иляс Кубатбеков жана Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошов тамак-аш жана керектүү азыктарды алып чабандарды көздөй ат менен чыгып, саат 23:00дө жетип барышкан. Алардын абалы менен таанышып, саат 02:30 чамаларында терс окуясыз туруктуу ордуларына кайтып келишти.

Саат 23:30да КР ӨКМнин Талас областтык башкармалыгынан 5 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 4 адам, Бакай-Ата районунан 1 адам (тууганы) жана 3 айдоочу 2 оор жүк ташуучу унаа менен Талас облусунун Кара-Буура районунан Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Октябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы