Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк капчыгайында өрт чыгып, 200 га куураган чөп күйдү

09.08.2017

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагында 2017-жылдын 8-август күнү саат 12:00 чамасында Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк капчыгайында райондук Токой чарба ишканасынын карамагындагы 210 га аянтта өрт чыгып, натыйжада 200 га куураган чөп күйгөн. Андан сырткары 2 га эгилген бадам жана мисте, 6-7 га эгилген буудай күйгөн (8 га эгилген буудай сакталып калган).

Өрттүн себеби такталууда.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Ленин райондук №28 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 кызматкер, КР Коргоо министрлигинин Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, Арашан айыл аймагынын 3 трактор, мамлекеттик Экотехинспекция ишканасынан 7 адам, Токой чарба ишканасынан 14 адам, жергиликтүү тургундардан 15 адам, "Супара" кафесинен 17 жумушчу, “Шоро” компаниясынан 1 суу ташуучу унаа  тартылган.

Өрттү өчүрүү иштери өз убагында жүргүзүлүп, өрт саат 18:36да чектөөгө алынып, саат 21:00дө толук өчүрүлгөн.  

Өрттөн келип чыккан материалдык чыгымды тактоо иштери 2017-жылдын 9-август күнү жүргүзүлөт.

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Октябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы