Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Аксыда мөндүр аралаш жаандын кесепетинен сел жүрдү

13.07.2017

Аксыда мөндүр аралаш жаандын кесепетинен сел жүрдү

Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында 2017-жылдын 12-июль күнү саат 18:30 чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Ой жана Жыл–Булак участкаларындагы колоттордон келген сел суулары Жыл-Булак участкасындагы 13 турак жайдын короо жайларын каптап, Кара-Ой жана Жыл-Булак участкаларындагы сел өткөрүүчү сай кум-шагылдарга толгон.
Кербен-Сары-Челек унаа жолунун (№12-ЖТИнин карамагында) 4 жеринен таш аралаш шагылдар түшүп, унаа кыймылына кыйынчылык жаралган. 

Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сайынан келген сел суулары 14 турак жайдын короо жайларын жана анын ичинен 5 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирген. 2 даана электр мамысын кулатып жараксыз абалга келтирген. Айыл тургундары электр жарыксыз калган. 

Кара-Суу айыл аймагында Топ-Жанак айылында болуп өткөн шамал турак жайлардын чатырларын учуруп, жангак дарактарын жыккан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 

Авлетим, Кызыл-Туу жана Кара-Суу айыл аймактарында Аксы райондук жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жеринде изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы баштаган ыкчам топ Аксы районундагы кырдаал боюнча жеринде иш алып барууга жөнөп кетишкен. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы