Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Ош шаарындагы аймактык кеңештердин тургундары жана легерде эс алган балдар КР ӨКМ тарабынан окутулду

07.07.2017

Ош шаарындагы аймактык кеңештердин тургундары жана легерде эс алган балдар КР ӨКМ тарабынан окутулду

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары тарабынан бекитилген потенциалдуу коркунучу бар аймактарда жашаган калкты жеринде барып окутуу мерчемделген.
Анын негизинде 2017-жылдын 3-июлунан 5-июлуна чейин Ош шаарынын №12 Курманжан-Датка аймактык кенешинин Эдельвейс, №11 “Жибек-Жолу” аймактык кенешинин 222-кварталынын жана №5 Керме-Тоо аймактык кеңешинин 218-кварталынын жергиликтүү калктары менен «Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар» жөнүндө жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өздөрүн алып жүрүү эрежелери, ошондой эле азыркы күну маанилүү болгон “112” бирдиктүү 112 Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматы боюнча окуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле аймактык кафедранын окутуучулары Курманжан Датка аймактык кенешинин аймагында жайгашкан “Жеткинчек” балдар эс алуучу лагеринде эс алып жаткан балдар үчүн сууда жүрүү эрежелери боюнча жана жайкы мезгилде кара курт, жылан жана башка чагуучу курт-кумурскалар көбөйгөндүгүнө жана ушул мезгилде уусу күчүнө кирип чакканда адам өмүрүнө катуу зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү бар болгондугуна байланыштуу, алдын алуу, өздөрүн сактоо боюнча окуулар өткөрүлүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары практика жузүндө көрсөтулдү. 
Эс алуучу балдардын арасындагы 1-6-класстарынын окуучуларына түшүнүктүү жана балдардын эсинде кала турган маалыматтарды берүү максатында, аларга видеороликтер жана мультфильмдер көрсөтүлдү, ал эми 12-14 жаштагы балдар арасында противогазды кийүү эрежелери боюнча инструктаж өткөрүлүп, андан кийин туура жана так убакытта кийүү боюнча конкурс өткөрүлдү.

Окууга жалпысы болуп 122 адам катышты.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы