Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

17.05.2018

2018-жылдын 17-май саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!!!

          2018-жылдын 17-май күнү туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 10-май күнү №02-34/374-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

 I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

 

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

5-АӨКБ

1 б

1

12:25

12:34

---

---

15:54

--------

Октябрь району. Б. Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Орто-Сай базарында жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат тастыкталган жок.

---

2

4-АӨКБ

1 б

1

14:32

14:36

14:55

15:48

16:16

 

Ленин району. Чуйков көчөсү №161/1. Турак үйдүн ичинде газ плита, кир жуугуч машина, диван жана шкаф күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

3

4-АӨКБ

 

1

18:02

 

 

18:12

 

 

18:23

18:38

18:57

 

Ленин району. 3-линия көчөсү №25. Улуттук Хирургия Борборунун имаратында 3-кабатта таштанды түтүкчөсүндө таштанды күйүп түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда

---

Чүй облусу

4

23-АӨКБ

1 б

1 б

1

 

00:04

00:40

 

00:30

01:16

 

02:32

 

07:30

 

 

           

 

Сокулук району. Сааз айылы, Түк-Баш көчөсү. 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1971-жылы туулган С.И. аттуу жаран  жабыркаган жана 2 адам каза болгон (1972-жылы туулган М.Т., ал эми экинчи каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда). Өрттүн себеби: такталууда

 

2ствБ

 

Жалал-Абад облусу

5

55-ӨКБ

1 б

1

22:28

22:36

23:46

22:55

23:20

 

Ноокен району. Масы а/а, Масы айылы, Балтабаев-Миңбай көчөсү № 31. Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын  10 чарчы метр  аянты жана 20 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын өрт менен болгон шоктугу.

1ствБ

6

94-ӨКБ

1 б

 

1 б

1

23:02

 

 

23:14

23:09

 

 

23:21

23:19

00:00

01:05

 

 

01:05

 

Кара-Көл шаары. Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында Жеңиш-Тоо тилкесинде жайгашкан Жол кыймылын көзөмөлдөө  башкармалыгынын имаратынын жыгач устундуу шифер жабылган 40 чарчы метр чатыры жана 3 бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

3ствБ

Ош облусу

7

25-АӨКБ

1 б

1

16:27

16:38

16:48

17:10

17:43

 

Кара-Суу району. Жоош айыл аймагынын Калинин айылында Турак үйдүн  жыгач устундуу шифер жабылган 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Нарын облусу

8

16-АӨКБ

1 б

1

16:26

16:32

16:38

17:30

17:55

 

Нарын шаары. Батыш көчөсү №4.  Вагондун 16 чарчы метр болгон ички жасалгасы күйгөн.  Өрттун себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

 

2018-жылдын 16-май саат 08:00дөн 17-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Октябрь району. 2018-жылдын 16-май күнү саат 12:36 чамасында Б. Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Орто-Сай базарында белгисиз жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октябрь райондук №5 Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм,  Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.  Мындан сырткары жеринде ИИМ, УКМК кызматкерлери тиешелүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Базарда жардыруучу зат табылган эмес. 

 

         Октябрь району. 2018-жылдын 16-май күнү саат 15:36да  КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Геолог көчөсүндөгү №7 үйдүн, №40 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

         Ленин району. 2018-жылдын 16-май күнү саат 17:04 чамасында КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Панфилов көчөсүндөгү №164 А үйдүн 18-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1939-жылы туулган П.Е.И. (аял киши) аттуу жарандын жансыз денеси учураган. Маркумдун сөөгү ИИМнин кызматкерлерине тапшырылган.

 

Свердлов району. 2018-жылдын 16-май күнү саат 22 :37 Куткаруучулар Герцена көчөсүндөгү №6 үйдүн, №15 батиринин бекилип калган эшигин ачууга чыгышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин үй ээси эшикти өз алдынча ачып алган.

Нарын облусу

Нарын району. 2017-жылдын 3-октябрынан бери Орток айыл аймагынын Үмөт тилкесинде токойчу Абдрасулов Ж. (Таш-Башат айылынын тургуну) дайынсыз жоголгон. Издөө иш-чаралары КР ӨКМ тарабынан 2017-жылдын 4-октябрынан 1-ноябрына чейин жүргүзүлүп, туугандары тарабынан кайрылуулар токтотулгандыгына байланыштуу иш-чаралар токтотулган. 2018-жылдын 16-май күнү КР ӨКМнин №16 Аскерлештирилген орт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 19:00дө убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. Иш-чаралар 17-майда улантылат.

 

Ош шаары

2018-жылдын 16-май күнү саат 15:03 чамасында КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Алай көчөсүндөгү №26 үйдүн №41 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

2018-жылдын 16-май күнү саат 14:13 чамасында  КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндөгү №66 үйдүн №67 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

2018-жылдын 16-май күнү саат 12:58де Г. Айтиев көчөсүндө жайгашкан №3 турак үйдүн короосуна суу чогулуп жер төлөөсүнө жана подьезддерге кире баштаган. Аталган дарекке КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып мотопомпанын жардамы менен сууну сордоруп беришкен.

 

Баткен облусу

2018-жылдын 16-май күнү саат 10:48 чамасында  КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 1-Өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары ОсОО “ШСУ” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

 

17-майда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 16-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 17-май күнү саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында 2018-жылдын 12-май күнү   колоттордон түшкөн сел суулар Шынаа айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунун 8 чакырымын, №38 жол тейлөө ишканасынын балансындагы унаа жолунун 7 чакырымынын беттерин жууп кеткен. Жол каттамы ачык. Ошондой эле сел арыктардан түшкөн сел суулары болжол менен 70 турак үйдүн короо-жайларын каптаган. 2018-жылдын 14-май күнү ошол эле жерлерден сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду жана 87 турак үйдүн короолорун (70 турак үйдүн короо-жайларын кайрадан каптаган) сел суулары каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 экскватор, №38 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 сомосвал тартылган. 16-май күнү аба-ырайы туруксуз болгондугуна байланыштуу иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. 17-май күнү иш-чаралар улантылат.

         Кош-Дөбө айыл аймагында 2018-жылдын 14-май күнү саат 16:00 чамасында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу кокту-колоттордон сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду жана Атана жана Бай-Кыштак айылдарындагы 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана 16 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Жаңак айылындагы 180 кожолукту тейлеген Мундуз-Сай селканасынан өткөн таза суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлерин сел жууп кетип, ичүүчү суу үзгүлтүккө учураган.

         Кырсыктын кесепеттерин жоюуга №12 ЖТИ 2 самосвал, 1 погрузчик, 1 грейдер тартылып, ички чарбалык унаа жолдорду калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 17-май күнү иш-чаралар улантылат.

         Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин буйругунун негизинде 13-май күнү №119 буйругунун негизинде “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген. Аба-ырайынын турукташкандыгына байланыштуу “Өзгөчө кырдаал” тартиби 15-май күнү №128-б буйругунун негизинде жоюлган.  

Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2018-жылдын 29-апрель жана 2-май күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясын бөгөп калган жер көчкүнүн кесепетинен топтолгон суунун көлөмү болжол менен 290 миң м3 түзөт. Дарыядагы суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 35м3, чыгуусу секундасына 35м3).

КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 1 офицер, Кыргызгидрометтен 1 кызматкер жеринде абалды көзөмөлдөө максатында нөөмөттө турушат.

 

Ош облусу

  Араван районунунАли Анаров айыл аймагында 2018-жылдын 16-май күнү саат 11:30 чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Маданият айылындагы адыр-тоолордун жылгаларынан агып түшкөн сел суулары 18 турак  үйдүн короолоруна, 7 турак үйдүн  жер төлөөсүнө жана 4 мал сарайдын ичине жана №30 Х.Анаров атындагы орто мектептин жана «Чабалекей» бала бакчасынын  короосуна суу кирген.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга №44-ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймак тарабынан 1 эксковатор, 1 суу сордургуч унаасы жана жеке менчик 6 суу сордуручу насос, санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынан 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, 100м3 ашуун шагыл сүрүлүп 70 метр жол, 250 метр ички унаа жолдору, 50 метр ички арык, 5 турак үйдүн жер төлөөсүндөгү суулар, №30 Х.Анаров атындагы мектептин короосундагы суулар тазаланды.

         Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист, Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелеринде 10 турак үйдүн ичине, 82 турак үйдүн короосуна жана 1,3 га жер тилкедеги эгилген эгиндерди суу каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылды. 16-май күнү жер ылай болгондугуна байланыштуу иш-чаралары жүргүзүлгөн жок. 17-май күнү иш-чаралар улантылат.

Баткен облусу

         Лейлек районунда 2018-жылдын 13-май күнү саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен:

         Исфана шаарында “Акчайыр” балдар интернатынын жер төлөөсүнө, “Наристе” бала бакчасынын жер төөлөсүнө, 5 турак үйгө, 17 турак үйдүн короолоруна, Чимген айылында “Арча-Бешик” балдар бакчасынын жер төөлөсүнө, чарбагына, Ынтымак балдар бакчасынын жер төлөсүнө сел суулары кирген.   

         Ошондой эле 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым  ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. КР ӨКМи тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип, 90 метр  курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен.  Самат айылында КР ӨКМи тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралар планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен. Калта-Кол тилкесинде КР ӨКМнин атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагылга толтурган.

         Ак-Суу айыл аймагындагы Суубашы айылында 5 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, унаа каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан тышкары КР ӨКМи тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагыл басып калган, 2 даана жогорку чыңалуудагы электр мамычаларын, 7 баш ийри мүйүздүү малды сел агызган.

Ак-Суу айылындагы орто мектебине сел суулар кирген. Кызы-Бараз участкасындагы арыктын башын сел агызып кеткен. Мындан тышкары 500 метр  ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган жана 1 даана ички чарбалык көпүрөнүн 1 стойкасынын астын сел суулары жууп, 4 суугат суу бөлуштүргүчтөрдү сел бузуп, 5 га үлүш жерлерди шагыл аралаш сел каптаган.

Алга айылында 11 гектардан ашык үлүш жерлерди, 3 гектар мамлекеттик фонддун жериндеги эгиндерди сел баскан.

Сумбула айыл аймагында Исфана-Көкташ унаа жолун сел алган, каттам кыйынчылык менен өтүүдө, мындан тышкары 1 жеңил унааны сел басып калган.

Бешкент айыл аймагындагы Эскиоочу айылында 6 турак үйлөрдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген, абалы канааттандырарлык. Мындан тышкары “Көгүчкөн” балдар бакчасынын жер төлөөсүнө, 8 жер тилкелерине  сел суулары кирген, 4 чакырым  ички чарбалык жолдорду сел алган, 2 чарбалык имараттар бузулган.

Мектеп сай учаскасында КР ӨКМи тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 90 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагыл басып калган. Мындын тышкары 2 чакырым ички арыктарды сел алып, кум-шагыл басып калган, 2 унаа селден жабыркаган.

Кулунду айыл аймагында Кушлук сай сел кетуучу сайындагы жаңыдан курулуп жаткан автоунаа өтүүчү көпүрөнүн бир жак тарабын сел жууп кеткен.

Интернационал айылында бир дүкөндүн ичине сел кирген.

Комунизм айылындагы Коровник участкасында 4 турак үйдүн пайдубалдарына сел кирген.

Маргун айыл аймагында Маргун айылында 300 метр латокту сел алып, кум-шагыл басып калган.

         Даргаз айылында 1,5 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум-шагыл басып калган, 6 баш майда жандыктарды (МРС) сел агызып кеткен.

Дархум айылында 3 чакырым ички чарбалык Дархум-Мадиген жолун сел алып, кум-шагыл басып калган.

         Чурбек айылында 3 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум-шагыл басып калган.

         Жалпы район боюнча 27 турак үйгө (Бешкент а. –22, Исфана - 5), 61 турак үйдүн жер тилкелерине (огород) (Бешкент–47, Исфана - 14), 6 социалдык объектинин (Исфана ш.–Акчайыр, Наристе, Ынтымак бала бакчалары, Чимген айылы–Арчабешик бала бакчасы, Бешкент а.а.- Көгүчкөн бала бакчасы жана Аксуу а\а орто мектеби) жер төлөөлөрүнө, 34 чарбалык имараттардын короосуна (ашкана) сел суулары кирген. Район боюнча селден 69 га жер аянттары жабыркаган. ЖТИнын балансындагы 4 көпүрө жабыркап, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 291 (МРС) майда жандыктар (кой, эчки), ал эми 45 (КРС) ири мүйүздүү мал жандыктары селге агып кеткен. 23,6 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркап, 6,2 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчылындагы ыкчам топ, облустук жана райондук ЖК комиссиялары. КР ӨКМнин РӨКОнун 3-ӨИКОнан 50 куткаруучу, Лейлек райондук №74 ӨКБдан 10 куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор, 1 самосвал, Кытай жол куруу компаниясынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, жана 1 Зил 130 (АЦ-40), №13 ЖТИден 4 грейдер, 1 жүктөгүч, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 ХОВО, 2 экскватор, 1 самосвал тартылды. 16-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Ак-Суу айылында 5км ички чарбалык жол, 500метр ички чарбалык арык, 4 суу алгыч, 5га үлүш жер тазаланган.

         Мындан сырткары Алга айылында 14га үлүш жер, Камуна айылында 250метр ички чарбалык арык, Эскоочу айылында 5 турак үйдүн жер төлөөсү. Интернационал айылында бир дүкөн, Маргун айылында 300м латок, Даргаз айылында 1,5км ички чарбалык жол, Дархум айылында 3 чакырым ички чарбалык жол, Чурбек айылында 3 чакырым жол тазаланган, 59 баш мал көмүлдү. 17-май күнү тиешелүү иштер улантылат.

         Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында 2018-жылдын 13-май күнү райондук Жарандык коргонуу  комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-майындагы №02/89 “Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө”  буйругу чыккан. 

         Баткен районундагы Кара-Булак айыл аймагында 2018-жылдын 12-май күнү саат 20:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Катта-Тал тилкесинде сел өтүүчү сайдан суу ашып, ички чарбалык унаа жолду каптап, жол жабылган. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес. Айылга баруучу айланма жол бар.  Кырсыктын кесепетин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, 16-май күнү ички чарбалык унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

 Сейсмологиялык абал боюнча

2018-жылдын 16-май күнү саат 11:06да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун, Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2-2,5 балл сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы