Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

15.05.2018

2018-жылдын 15-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү!

         2018-жылдын 15-16-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: 14-16-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

         15-майда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 15-16-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү  жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 10-майында №02-34/374-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

I.I. Жалал-Абад облусу

I.I.I. Аксы району. Ак-Жол айыл аймагы. 2018-жылдын 12-май күнү   колоттордон түшкөн сел суулары Шынаа айылына баруучу ички чарбалык унаа жолун 8 чакырымын, №38 ЖТИнин балансындагы унаа жолун 7 чакырымын жууп кеткен. Жол каттамы ачык. Ошондой эле, сел арыктардан түшкөн сел суулары болжол менен 70 турак үйдүн короо жайларын каптаган.  2018-жылдын 14-май күнү ошол эле жерлерден сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду жана 87 турак үйдүн короолорун (70 турак үйдү кайра) сел суулары каптаган.

         Кош-Төбө айыл аймагы. 2018-жылдын 14-май күнү саат 16:00 чамасында жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу кокту колоттордон сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду жана Атана жана Бай-Кыштак айылдарындагы 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана 16 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Жаңгак айылындагы 180 кожолукту тейлеген Мундуз-Сай селканасынан өткөн таза суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлерин сел жууп кетип, ичүүчү суу үзгүлтүккө учураган.

         Тартылган күч жана каражаттар:  КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары, КР  ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана 5 кызматкер, райондук Жарандык коргоонун (ЖК) комиссиясы

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Ак-Жол айыл аймагы. ЖК комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кош-Дөбө айыл аймагы. Жер төлөөлөрдөгү сууларды сордуруу иш-чаралары жүргүзүлгөн.

         Тактоо жана калыбына келтирүү иштери 15-май күнү улантылат

 

Маалымат үчүн

Аксы району. Кызыл-Туу айыл аймагы. 2018-жылдын 12-май күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында ылдамдыгы секундасына 21-26 метрге катуу шамал катталып, 10 турак үйдүн 129м2 тунике, 3 турак үйдүн 20 даана шифер,1 времяканын 24 м2 тунике, 3 времяканын 27 даана шифер, 6 мал сарайдын 126 м2 тунуке, 3 сарайдын 37 даана шифер, 1 мектептин 20 даана шифери жараксыз абалга келген.

Мындан сырткары Жыл-Булак жана Сарымсак-Булун тилкелеринде шамалдын кесепетинен  электр чубалгыларына терек кулап, үзүп кеткен. Авлетим айыл аймагы. 2018-жылдын 12-май күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында ылдамдыгы секундасына 21-26 метрге жеткен катуу шамал коштолгон жамгыр жаап 22 турак үйдүн 164 даана шиферлери, 488 м2 темир тунукелери жана 9 чарбалык курулуштарынын 72 даана шиферлери, 149 м2 темир тунукелери учуп 1 бала бакчанын 150м2 тунукелерин учуруп, кокту колоттон түшкөн сел суулары ички чарбалык унаа жолдорду шагыл аралаш сел сууларга толтурган. Ошондой эле,  Баястан учаскасында колоттон түшкөн сел суулары Коргон суугат каналынын 60 чакырым аралыгын шагыл таштар менен толтуруп, 12 метр аралыгын жеп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Тартылган күч жана каражаттар:  КР  ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана 5 кызматкер, райондук ЖК комиссиясы 12 ЖТИнан 1 самосвал, 1 жүктөгүч, Кара-Суу айыл аймагынан 1 жүкөгүч, РЭТ 3 бригада.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Кызыл-Туу айыл аймагы: РЭТ кызматкерлери тарабынан электр чубалгыларын калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүлүп, электр жарыгы берилди. 

 Авлетим айыл аймагы: Жергиликтүү бийлик тарабынан калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жалпы район боюнча: Шамалдын кесепетинен 35 турак үй 617 м2 тунуке, 184 даана шифер. 22 кошумча курулуш 299 м2 тунуке, 136 даана шифер. 2 соц.обьекти 150 м2 тунуке, 20 даана шифер жараксыз абалга келген.

2018-жылдын 13-май күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-майындагы №119-б “Аксы районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө” буйругу чыгарылып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар коюлган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлгөн.

Таш-Көмүр шаары. 2018-жылдын 14-май күнү саат 15:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 450-чакырымында 5м3 таш кулаган. Жол жабылган эмес. Жабыркагандар жок.

 Тартылган күч жана каражаттар:   №38 ЖТИнан 8 кызматкер жана 1 бирдик манипулятор

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Тартылган техникалардын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 18:40 жол толугу менен тазаланып ачылган.

Сузак району. Курманбек а/а. 2018-жылдын 29-апрель күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калып, топтолгон суу жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип, 64 000м3 сүрүлүп түшүп кайрадан суунун нугун бөгөп калган. Учурда топтолгон суу (болжол менен 290 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 35м3, чыгуусу секундасына 35м3).

Тартылган күч жана каражаттар:КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 1 офицер, Кыргызгидрометтен 1 кызматкер

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында 2 адамдан турган ыкчам топ нөөмөттө турушат.

 

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

          

 

2018-жылдын 14-май саат 08:00дөн 15-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

4-АӨКБ

1

14:59

15:11

15:17

15:40

16:27

0700454696

Ленин району. Үмөталиев №156. Турак үйдүн жанындагы контейнерде 1 даана муздаткыч, 1 куб. фанера күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

2

6-АӨКБ

1

21:48

21:55

----

жолдон кайткан

22:04

0550146552

Ленин району. Гатчинский көчөсү №51. Турак үйдүн чатыры күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Жолдон кайтуу.

----

Чүй облусу

3

23-АӨКБ

1

14:28

14:38

14:50

15:00

15:20

 

Сокулук району. Сокулук айылы, Полярный көчөсү №112. Мончонун бөлмөсүндө 3 чарчы метр линолиум күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

4

56-ӨКБ

 

1

10:49

11:00

11:03

11:33

12:00

 

Ноокен району. Шамалды-Сай шаары. Теңдик айылында Калбай-Ата атындагы май куюучу станциянын жанында  таштандылар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

 

Ош облусу

5

25-АӨКБ

1

21:50

21:53

 ----

жолдон кайткан

22:34

101

Кара-Суу району. Кара-Суу шаары. Ала-Тоо көчөсүндө жолдо токтоп турган Хюндай Портер мам.№О1169ОО үлгүсүндөгү унааны мотоцикл сүзгөн.  Жолдон кайтуу.

----

                             

 

2018-жылдын 14-май саат 08:00дөн 15-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Биринчи-Май районунда 2018-жылдын 14-май күнү саат 16:50дө  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Керимбеков көчөсүндөгү №1а үйүнүн  18-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

Ош шаарында 2018-жылдын 14-май күнү саат 13:12де Ленин көчөсүндөгү №182-турак үйдүн короосун суу каптап жатат деген маалымат түшкөн. КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткруучулары жерине барган кезде маалымат тастыкталбады.

Ош облусу

Кара-Суу районунда  2018-жылдын 14-май күнү Савай айыл аймагынын Эрин айылыдагы Савай каналына 1969-жылы туулган А.Б. түшүп кеткен. Издөө иштерине ИИМ кызматкерлеринен 5 адам, жергиликтүү жашоочулардан 20 адам, КР ӨКМнин 6 куткаруучу тартылган. Издөө иштери улантылууда. 

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып Коммунист Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелеринде 10 турак үйдүн ичине, 82 турак үйдүн короосуна жана 1,3 га жер тилкедеги эгилген эгиндерди суу каптаган.

КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, КР ӨКМ Өзгөн райондук бөлүм башчысы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы,  КР ӨКМнин №53 ӨКБнөн 28 куткаруучу  кырсыктын кесепетерин жоюу иштерине тартылган.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 2018-жылдын 14-май күнү саат 18:50дө  КР ӨКБнин №15 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Восход кичи районунун №19 үйүнүн 5-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында 2018-жылдын 14-май күнү саат 12:45 чамасында күйүүчү май ташуучу Хово үлгүсүндөгү мамлекеттик №О0921Е унаанын прицеби үзүлүп, бир капталга кулап кеткен.  КР ӨКМнин №57 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары прицепти оордуна тургузуп беришкен.

Баткен облусу

Лейлек районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен балдар бакчалардын, үйлөрдүн жер төлөөлөрүнө суу кирген.

КР ӨКМнин №74 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, КР ӨКМнин №108  өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, КР ӨКМнин №1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жана КР ӨКМнин  3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары мотопомпанын жардамында сел сууларды сордурушуп, короолордогу сел сууларды тазалашкан. Жалпы 100 куткаруучу тартылган. 

Кадамжай районунда 2018-жылдын 14-май күнү  Кадамжай шаарынын Болничный көчөсүндөгү сууга 1 эркек адам (аты жөнү такталууда) чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин РӨКОнын №3 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары 4 куткаруучусу тартылган, бироок суунун агымы кооптуу болгондугуна жана түн киргендигине байланыштуу издөө иштери 15-май күнү улантылат.

Кадамжай районунда 2018-жылдын 14-май күнү саат 19:00 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Кадамжай шаарындагы Звездный көчөсүндөгү арыктарды жана Металург көчөсүндөгү №9 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн сел суулары каптаган.  Звездная көчөсүндөгү арыктарды КР ӨКМнин 3-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тазалап беришкен. Ал эми Металург көчөсүндөгү №9 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндөгү сууларды мотопомпанын жардамында КР ӨКМнин №76 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  сордуруп беришкен. 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

15-майда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 14-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 15-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

 

Ош облусу

         Кара-Кулжа району. Кашка-Жол айыл аймагы. 2018-жылдын 13-14-май күндөрү катуу нөшөрлөп жааган жандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн селдин суусу Ак-Турпак каналына батпай ашып, Октябрь айылынын Терек-Суу чегиндеги 2 турак жайдын ичине, 11 үйдүн короо-сарайларына сел суулары кирген.  Ошондой эле, ички чарбалык унаа жолунун 1 чакырым аралыгынын айрым жерлерин жараксыз абалга келтирген.

         Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, №26 ЖТИнан 1 грейдер, 1 самосвал тартылган.

         Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

14-май күнү тартылган техникалардын жардамында 1 чакырым аралыктагы ички чарбалык унаа жол калыбына келтирилди. Ошондой эле тийиштүү жарандык коргонуу башчыларына, айыл өкмөт башчысына карамагында турган арык, каналдарды суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү милдеттендирилди. Ал эми жергиликтүү тургундар турак үйлөрдөгү сел сууларды өз күчү менен тазалашат.

         Өзгөн району. Мырзаке а/а. 2018-жылдын 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып Коммунист Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелеринде 10 турак үйдүн ичине, 82 турак үйдүн короосуна жана 1,3 га жер тилкедеги эгилген эгиндерди суу каптаган.

         Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, КР ӨКМ Өзгөн райондук бөлүм башчысы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы,  КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 28 куткаруучу, №5 ЖТИнан 1 грейдер, АПЗ 1 грейдер, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, жеке менчик 2 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 1 автокран, Өзгөн шаардык  тазалык ишканасынан 1 суу соргуч унаасы.

         Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

14-май күнү Кандава каналынын суусун Яссы дарыясына буруу жумушу аткарылган. Мындан тышкары ЖК тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 15-май күнү тактоо жана калыбына келтирүү иштери улантылат.

 

Баткен облусу

         Кадамжай району. 2018-жылдын 14-майында саат 19.00 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Кадамжай шаарындагы Звездная көчөсүндөгү арыктарды  жана Металлург көчөсүндөгү №9 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн сел суулары каптаган.

Тартылган күч жана каражаттар:  КР ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №3 Өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунан 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Кадамжай райондук №76 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу.

         Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

14-майында тартылган күчтөрдүн аракетинде арыктар жана мотопомпанын жардамында жер төлөө тазаланган.

         Лейлек району. 2018-жылдын 13-майында саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен:

         Исфана шаары. Акчайыр балдар интернатынын жер төлөөсүнө, Наристе бала бакчасынын жер төөлөсүнө, 5 турак үйгө, 17 турак үйдүн короолоруна, Чимген айылындагы Арча-Бешик балдар бакчасынын жер төөлөсүнө, чарбагына, Ынтымак балдар бакчасынын жер төлөөсүнө сел суулары кирген.   

         Ошондой эле, 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым  ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. 90 метр  курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен.  Самат айылында КР ӨКМги тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен. Калта кол тилкесинде атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагалга толтурган.

         Ак-Суу айыл аймагы. Суубашы айылындагы 5 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, унаа каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан тышкары КР ӨКМги тарабынан атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагал басып калган, 2 даана жогорку чыналуудагы электр мамычаларын, 7 баш ийри мүйүздүү малды сел агызган.

Ак-Суу айылында орто мектебине сел суулар кирген. Кызы-Бараз участкасындагы арыктын башын сел агызып кеткен. Мындан тышкары 500 метр  ички чарбалык  арыктарды сел суулары басып калган жана 1 даана ички чарбалык көпүрөнүн 1 стойкасынын астын сел суулары жууп, 4 сугат суу бөлуштүргүчтөрдү сел бузуп, 5 га үлүш жерлерди шагыл аралаш сел каптаган.

Алга  айылында  11 гектардан ашык үлүш жерлерди, 3 гектар мамлекеттик фондун жериндеги эгиндерди сел баскан.

Сумбула айыл аймагы. Исфана-Көкташ унаа жолун сел алган, каттам кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле, 1 жеңил унааны сел басып калган.

Бешкент айыл аймагы. Эскиоочу айылында 6 турак үйлөрдүн жер төөлөсүнө сел суулары кирген. Абалдары канаттандырарлык. Мындан тышкары Көгүчкөн балдар бакчасынын жер төлөөсүнө, 8 жер тилкелерине  сел суулары кирген, 4 чакырым  ички чарбалык жолдорду сел алган, 2 чарбалык имараттар бузулган.

Мектеп сай учаскасында  КР ӨКМги тарабынан атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 90 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагал басып калган. Мындын тышкары 2 чакырым ички арыктарды сел алып, кум шагал басып калган, ошондой эле 2  унаа селден жабыркаган.

Кулунду айыл аймагы. Кушлук сай сел кетүүчү сайындагы жаныдан курулуп жаткан автоунаа өтүүчү көпүрөнүн бир жак тарабын сел жууп кеткен.

Интернационал айылында бир дүкөндүн ичине сел кирген.

Комунизм айылынын Коровник участкасыда 4 турак үйдүн пайдубалдарына сел кирген.

Маргун айыл аймагы. Маргун айылында 300 метр латокту сел алып, кум шагыл басып калган.

         Даргаз айылында 1,5 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум шагал басып калган, 6 баш кичи  мүйүздүү (МРС) малды сел агызып кеткен.

Дархум айылында 3 чакырым ички чарбалык Дархум- Мадиген жолун сел алып, кум шагал басып калган.

         Чурбек айылында 3 чакырым ички чарбалык жолду сел алып, кум шагал басып калган.

         Жалпы район боюнча 27 турак үйгө (Бешкент а. –22, Исфана - 5), 61 турак үйдүн жер тилкелерине (огород) (Бешкент–47, Исфана - 14), 6 соц. объектинин (Исфана ш.–Акчайыр, Наристе, Ынтымак бала бакчалары, Чимген айылы–Арчабешик бала бакчасы, Бешкент а.а.- Көгүчкөн бала бакчасы жана Аксуу а\а орто мектеби) жер төлөөлөрүнө, 34 чарбалык имараттардын короосуна (ашкана) сел суулары кирген. Район боюнча селден 69 га жер аянттары жабыркаган. ЖТИнын балансындагы 4 көпүрө жабыркап, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 242 баш кичи мал ал эми 30 ири мүйүздүү мал жандыктары селге агып кеткен. 23,6 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. 6,2 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган.

Тартылган күч жана каражаттар:  КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчылыгындагы ыкчам топ, облустук жана райондук ЖК комиссиялары, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 50 куткаруучу, КР ӨКМнин №1 Өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунан 11 куткаруучу, КР ӨКМнин  Лейлек райондук №52 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 13 куткаруучу, Лейлек райондук №74 Өрт –куткаруу бөлүмүнөн 17 куткаруучу, Лейлек райондук №108 Өрт-куткаруу бөлүлүмүнүн 9 куткаруучу, жалпы 100 куткаруучу,  айыл аймактан 3 экскаватор, жол тейлөө ишканасынан 4 грейдер, 2 жүктөгүч, Кытай жол куруу компаниясынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч. 

         Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

 Исфана шаарында 7 турак үйдүн короолору, 2 үйдүн ичи, 3 турак үйдүн жер төлөөсү жана Арча-Бешик балдар–бакчасынын жер төлөөсү сел суулардан тазаланып бүткөрүлдү.  Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 15-май күнү тиешелүү иштер улантылат.

         Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында 2018-жылдын 13-май күнү райондук Жарандык коргонуу  комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-майындагы №02/89 “Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө”  буйругу чыккан. 

         Баткен району. Кара-Булак а/а. 2018-жылдын 12-май күнү саат 20:30 чамасындажаап өткөн жаандын кесепетинен Катта-Тал тилкесинде сел өтүүчү сайдан суу ашып, ички чарбалык унаа жолду каптап, жол жабылган. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес. Жеринде тиешелүү иш-чаралары 14-май күнү жүргүзүлөт. Айылга баруучу айланма жол бар. 

         Тартылган күч жана каражаттар: айыл аймактан 1 жүктөгүч.

         Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:14-май күнү тартылган техниканын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тазалоо иш-чаралары 15-май күнү улантылат. 

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы