Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

11.05.2018

2018-жылдын 11-майы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү!

         2018-жылдын 12-16-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: 12-майда күндүз жана 13-16-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 13-15-май күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-майда күндүз жана 13-14-май күндөрү Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

         13-15-май күндөрү абанын күндүзгү температурасы  төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 10-майында №02-34/374-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору (ККББ) тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

          2018-жылдын 10-май саат 08:00дөн 11-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

5-АӨКБ

1 б

1

21:16

21:32

21:46

21:56

22:38

101

Октябрь району, 12-кичи району №46а, “Илек-Илек” атындагы гараждык кооперативинде аянты 80 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык.

1ствБ

2

4-АӨКБ

1 б

1

22:01

22:07

Жеткенге чейин

----

22:47

 

Биринчи май  району, Жаш Гвардия бульвары, №96 үйүнүн 41-батиринде шамалдаткыч түтүкчөдөн түтүн чыккан. Өрт тастыкталган жок.

----

3

5 –АӨКБ

1 б

1

23:46

23:54

---

---

00:11

 

Октябрь району, Жукеев жана Пудовкин көчөсүндө жайгашкан “Веранда” аттуу кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.

----

Чуй облусу

4

24-ӨКБ

1 б

1

16:25

 

---

---

19:55

 

 Жайыл району, Новониколаевка айылы, “Селхозхимия” мекемесинде күйүүчү май  ташуучу унаалар бир бирине бензин куюп жаткан. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн чыгышкан.

----

5

ПЧ-7

1 б

1

01:17

01:35

02:00

04:25

04:30

 

Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Лесная көчөсү №4, 60 чарчы метр бастырманын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Ош облусу

6

53-ӨКБ

1 б

1

09:23

10:25

------

------

12:30

 

Өзгөн району, Салам-Алик айыл аймагынын, Ак-Терек айылы, Токтогул көчөсү, “УАЗ” үлгүсүндөгү мамлекеттик №Z12-29A унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

----

7

64-ӨКБ

1 б

1

12:49

13:10

13:17

13:45

14:30

 

Араван району, Гулбар айыл аймагыны, “КамАЗ” үлгүсүндөгү мамлекеттик № О36-56А оор жүк ташуучу унаанын кыймылдаткычы жана ички салону күйгөн. Өрттүн себеби: электр ширетүү иштеринде  өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу.

1ствБ

8

71-ӨКБ

1 б

1

17:05

17:30

18:00

18:25

19:05

 

Ноокат району, Ишанов айыл аймагы, Күнгөй-Кожоке айылы, Кара-Баш мечитинин  126 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1ствБ

9

53-ӨКБ

1 б

1

21:30

21:45

21:50

21:55

22:35

 

Өзгөн району, Төрт-Көл айыл аймагы, Шоро-Башат айылы, Анарбаев көчөсүндө №953 көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

10

102-ӨКБ

1 б

25-АӨКБ

1 б

13-АӨКБ

1 б

 

23:45

 

23:57

00:11

23:55

00:40

01:41

02:27

 

02:27

 

01:10

 

Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Мээнет айылы, Айэрапорт көчөсү №100, турак үйдүн 150 чарчы метр  аянттындагы жыгачтан пол менен шыбы жана  № 90 турак үйдүн 98 чарчы метр  жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

4ствБ

Ысык-Көл облусу

 

11

34-ӨКБ

1 б

1

10:40

11:03

11:15

12:52

13:23

 

Түп району, Талды-Суу айылы,  Нариман уулу көчөсү №/жок, аянты 32 чарчы метрдеги сарай жана 250 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: өрт менен болгон этиятсыздык.

1ствБ

12

36-ӨКБ

1 б

1

23:43

00:40

00:49

01:21

02:04

 

Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Кара-Булуң көлүнүн жээгинде 70 чарчы метр  куураган чычырканак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

13

 

55- ӨККБ

1 б

1

11:22

11:48

11:53

13:06

13:51

 

Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Транспортный көчөсү  №52, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры жана 85 түк беде күйгөн.  Өрттүн себеби: балдардын өрт менен болгон шоктугу.

2ствБ

14

78-ӨКБ

1 б

1

19:42

19:48

19:58

20:28

20:42

102

Базар-Коргон  району, Кенеш айыл аймагы, Советский айылы, Аттокуров көчөсү №62, жыгач устундуу шифер жана тунуке менен жабылган сарайдын  80 чарчы метр чатыры жана 50 түк беде күйгөн. Өрттүн себеби: өрт менен болгон этиятсыздык.

2ствБ

15

83-ӨКБ

1 б

1

11:32

11:50

11:56

12:45

13:35

 

Майлуу-Суу  шаары, Топ-Таш айылы, Топ-Таш көчөсү №19, жыгач устундуу шифер жана тунуке менен жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана 30 түк беде күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

16

65-ӨКБ

1 б

1

22:38

22:55

23:04

00:06

00:40

 

Сузак району, Барпы айыл аймагы, Төбөй айылы, Назаров көчөсү №33, турак үйдүн шифер жабылган 46 чарчы метр чатыры, бир  бөлмөнүн 36  чарчы метр шыбы, 16  чарчы метр полу жана эшик терезелери күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

2ствБ

 

2018-жылдын 10-май саат 08:00дөн 11-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

                 Нарын облусу

Кочкор району. Эпкин айылы. 2018-жылдын 10-май күнү саат 14:14 чамасында Кочкор – Жумгал унаа жолунун 40-чакырымында мам. № I 7439 S  “Митцубиси” үлгүсүндөгү автоунаа жолдо кетип бараткан адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен  2000-жылы туулган Т.К. башынан оор жаракат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жабырлануучуну тез жардам кызматы Кочкор райондук ооруканасына жеткирген.

Чуй облусу

Аламүдүн району. 2018-жылдын 10-май күнү саат 17:45де Восток айылындагы көлмөгө 1976-жылы туулган А. Б. аттуу жаран түшүп кеткен. Издөө иштерине КР ӨКМнин  №1 Өрт куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжа болгон жок. Издөө иштери 11-май күнү улантылат. 

11-майда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 10-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 11-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

Баткен облусу

       Баткен району. Кыштут а/а.  2018-жылдын 18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45000 м3 жер көчкү түшкөн. Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын, тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 100 метр аралыгын, Гороту жайлоосуна баруучу 150 метр ички чарбалык жолду жана 7 га айдоо жерди басып калган.

         Тартылган күч жана каражаттар: Айыл аймак тарабынан 1 экскаватор,  райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч.

         Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 10-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында сугат суу каналын тазалоо иш-чаралары жүргөн. 11-май күнү иш-чаралар улантылат.

         Лейлек району. 2018-жылдын 5-май күнү саат 16:00 чамасында Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чарбак-Сай тилкесинде сел жүрүп, натыйжада 1,7 чакырым ички чарбалык унаа жолду жана 500 метр ички чарбалык арыктын айрым жерлерин каптап, 2 баш бодо малын (уй) сел суулары агызып кеткен. Ошондой эле, Патан-Сай тилкесинде сел жүрүп натыйжада 1,5 чакырым ички чарбалык жолдун айрым жерлерин каптаган. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жок.

         Жергиликтүү калктын жардамы менен 300 метр ички чарбалык арык тазаланды. 11-май күнү иш-чаралар улантылат.

  Жалал-Абад облусу

Сузак району. Курманбек а/а.  2018-жылдын 29-апрель күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калып, топтолгон суу жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип, 64 000м3 сүрүлүп түшүп кайрадан суунун нугун бөгөп калган. Учурда топтолгон суу (болжол менен 290 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу менен агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 35 м3, чыгуусу секундасына 35 м3).

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 1 офицер, КР ӨКМнин Гидрометеорология боюнча агенттигинен 1 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында 2 адамдан турган ыкчам топ нөөмөттө турушат.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы