Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

08.05.2018

2018-жылдын 8-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

2018-жылдын 8-майында Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

 

Чүй облусу

  Аламүдүн районунда 2018-жылдын 7-май күнү саат 02:30 чамасында Мраморное айылынын жанында жайгашкан Эркин экономикалык аймак "Бишкек” аймагында 2 ангар күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгын ыкчам тобу, өрт өчүрүү штабы, №4 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана 30 куткаруучу, №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, №6 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №8 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №23 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн АКУ менен 30 куткаруучу, Ысык-Ата райондук №27 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 30 куткаруучу тартылган.

  Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 18:00дө өрт толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен СЭЗ Бишкектеги  ангардын  ичинде типографиялык кагаздар, химиялык заттар, типографияга керектелүүчү боектор жана майлар куйгон.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 7500м2 түзгөн.

Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.

 

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 7-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 8-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

 

Ош облусу

  Араван районунда 5-май күнү саат 19:30 чамасында, Ноокат райондук гидрометеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык  ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Юсупов айыл аймагынын Пахта-Арал айылындагы 14 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 441 даана шиферлери жана 216 м2 темир тунукелери учуп, айылдын 450 метр электр чубалгысы үзүлгөн. Ошондой эле, Юсупов айыл аймагынын тургундары Муратов А. “Опел-Астра”  үлгүсүндөгү жеңил унаасы жана Шарипов М. “Мерседес-Бенц-280” үлгүсүндөгү унаасы жабыркаган. Мындан сырткары, Анаров айыл аймагынын Ачы айылындагы Араван-РЭТ ишканасынын чарбалык курулушунун 80 м2 темир тунукелерин жана Араван айылындагы 4 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 90 даана шиферлерин жана 40 м2 темир тунукелерин учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

  Жалпы район боюнча 18 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 531 даана шиферлерин, 256м2  темир тунукелерин жана 1 социалдык объектин 80 м2 темир тунукесин учурган.

7-май күнү электр энергия берүү жана чүмбөтөө кызматы тарабынан 450 метр электр линиясы тартылып электр энергиясы берилген.

Жергиликтүү тургундар тарабынан базардан 434 даана шифер алынып Х.Абдуллаев жана Жооми көчөлөрүндөгү шамалдан зыян тарткан 13 турак үйдүн чатырлары жабылган. Калган турак уйлөрдү калыбына келтирүү иштери 8-май күнү улантылат.

 

Баткен облусу

  Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 2018-жылдын 18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45000 м3 жер көчкү түшкөн. Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын, тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 100 метр аралыгын, Гороту жайлоосуна баруучу 150 метр ички чарбалык жолду жана 7 га айдоо жерди басып калган.

  Сугат суу каналын тазалоо иш-чараларына айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып.

Тазалоо иштери улантылууда.

 

Жалал-Абад облусу

Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2018-жылдын 29-апрель күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калып, топтолгон суу жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип, 64 000м3 сүрүлүп түшүп кайрадан суунун нугун бөгөп калган. Учурда топтолгон суу (болжол менен 290 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 35 м3, чыгуусу секундасына 35 м3).

Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 2 офицер, Кыргызгидрометтен 1 кызматкер жана айыл аймак тарабынан 1 өкүл нөөмөттө турушат.

 

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8  өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары.

1

4-АӨКБ

1

23:08

23:10

23:13

23:15

23:27

101

Ленин району, Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу челекте 1 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

2

4-АӨКБ

1

00-22

00-28

00-35

00-37

00-45

 

Ленин району, Д.Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу челекте 1 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Чүй облусу

3

4-АӨКБ

1-ӨККБ

6-АӨКБ

8-АӨКБ

Штаб

27-АӨКБ

 

 

1

02:30

 

 

02:42

07:45

 

03:20

 

03:20

03:30

 

08:30

03:00

 

 

03:17

08:25

 

03:53

 

03:41

03:55

 

09:21

---

 

 

06:35

---

 

---

 

---

---

 

---

---

 

 

18:00

---

 

---

 

---

---

 

---

09:28

 

 

18:41

 

 

09:29

 

09:48

09:55

 

14:17

101

Аламүдүн району, Мраморный айылында  жайгашкан Эркин Экономикалык Зонанын (СЭЗ) аймагында жеңил темир конструкциядан жасалган жалпы аянты 7500 м2 болгон эки ангар толугу менен күйгөн. Ичинде типографиялык кагаздар, химиялык заттар, типографияга керектелүүчү боектор жана майлар болгон.   Каза болгондор жана жабыркагандар жок. Өрттүн себеби: такталууда.

6ствБ

4

22-АӨКБ

1

10:53

11:06

11:12

11:20

11:45

101

Жайыл району, Ак-Башат айылы, Кучкач көчөсү №86, быстырманын 40 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

5

28-АӨКБ

1

13:12

13:34

13:52

14:20

14:47

 

Сокулук району, Жогорку Орок айылы, Раманкулов көчөсү №51, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Ош облусу

6

53-ӨККБ

1

13:20

13:28

13:45

14:32

14:45

 

Өзгөн району, Өзгөн шаары, Түлөбердиев көчөсү №18, турак үйдүн бөлмөсүндө 18 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

7

64-ӨККБ

1

17:31

17:49

18:11

18:45

19:25

 

Араван району, Тепе-Коргон айыл аймагы, Кесов айылы, Маткурбан көчөсү №63, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 70 чарчы метр чатыры, 4 тонна жыйылган саман күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

Талас облусу

8

91-ӨККБ

1

05:25

05:29

05:30

05:34

06:21

101

Кара-Бура району, Кызыл-Адыр айылы, Автобекетте турган “Ауди” үлгүсүндөгү мамлекеттик №В9616L унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы