Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

07.05.2018

2018-жылдын 7-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү!

                  2018-жылдын 7-май күнү түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

                  2018-жылдын 7-май күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт.

                  Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 04-майында №02-34/368-Т, жана №02-34/369-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

    

2018-жылдын 7-майында республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

                  Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Чүй облусу

                  Аламүдүн районунда 2018-жылдын 7-май күнү саат 02:30 чамасында Мраморное айылынын жанында жайгашкан Эркин экономикалык аймак "Бишкек” аймагында 3 ангар күйгөн. Жабыркагандар жок.  

                  Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүм башчысы, №4 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, №6 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №8 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №23 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн АКУ менен 20 куткаруучу, мындан сырткары ИИМден 70 кызматкер, РЭТ ишканасынан 1 бригада тартылган.  

Өрт саат 06:30да чектөөгө алынган.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымы такталууда. 

 

 

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 6-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 7-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

Ош облусу

Араван районунда 2018-жылдын 5-май күнү саат 19:30 чамасында, Ноокат райондук гидрометеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык  ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Шамалдын кесепетинен Юсупов айыл аймагынын Пахта-Арал айылындагы 14 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 441 даана шиферлери жана 216 м2 темир тунукелерин учуп, айылдын 450 метр электр чубалгысы үзүлгөн. Ошондой эле, Юсупов айыл аймагынын тургундары Муратов А. “Опел-Астра” үлгүсүндөгү жеңил унаасы жана Шарипов М. “Мерседес-Бенц-280” үлгүсүндөгү унаасы жабыркаган. Мындан сырткары, Анаров айыл аймагынын Ачы айылындагы Араван-РЭТ ишканасынын чарбалык курулушунун 80 м2 темир тунукелерин жана Араван айылындагы 4 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 90 даана шиферлерин жана 40 м2 темир тунукелерин учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.   

Жалпы район боюнча 18 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 531 даана шиферлерин, 256м2  темир тунукелерин жана 1 социалдык объектин 80 м2 темир тунукесин учурган.

2018-жылдын 6-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Алдын ала алынгам маалымат боюнча жалпы келтирилген материалдык чыгым 277 220 сом түзгөн.

Тактоо иштери уланууда.

 

Баткен облусу

                  Лейлек районунда 2018-жылдын 5-май күнү саат 16:00 чамасында Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чарбак-Сай тилкесинде сел жүрүп, натыйжада 1,7 чакырым ички чарбалык унаа жолду жана 500 метр ички чарбалык арыктын айрым жерлерин каптап, 2 баш бодо малын (уй) сел суулары агызып кеткен. Ошондой эле, Патан-Сай тилкесинде сел жүрүп натыйжада 1,5 чакырым ички чарбалык жолдун айрым жерлерин каптаган. Натыйжада аталган ички чарбалык жолдордо унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Тазалоо иштерине айыл аймак тарабынан 1 экскаватор жана жеке менчик Газ-53 унаасы тартылган. Ички чарбалык унаа жолдор толугу менен тазаланып, ачылган. 7-май күнү иш-чаралар улантылат.

 

                  Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 2018-жылдын 18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45000 м3 жер көчкү түшкөн. Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын, тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 100 метр аралыгын, Гороту жайлоосуна баруучу 150 метр ички чарбалык жолду жана 7 га айдоо жерди басып калган.

                  Тазалоо иштерине айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, сугат суу каналын тазалоо иш-чаралары жүргөн. 7-май күнү тазалоо иштери улантылат.

 

Жалал-Абад облусу

Сузак районунун Курманбек айыл аймагынында 2018-жылдын 29-апрель күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калып, топтолгон суу жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан.

2018-жылдын 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип, 64 000м3 сүрүлүп түшүп кайрадан суунун нугун бөгөп калган. Учурда топтолгон суу (болжол менен 350 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 35 м3, чыгуусу секундасына 35 м3).

Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 2 офицери, Кыргызгидрометтен 1 кызматкери жана айыл аймак тарабынан 1 адам нөөмөттө турушат.

 

                 

Сейсмологиялык абал боюнча

2018-жылдын 6-майында саат 09:17де Кыргызстан жана Таджикистан чек араларында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун  Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, жана Нура, Иркештам, Кек-Суу, Икизяк, Кара-Кимдик айылдарында 3 балл, Сары-Таш, Арса-Булак, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

5-АӨКБ 

1 б

1

08:14

08:25

---

Жетк чейин

08:46

 

Октябрь району, Суеркулов жана Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде, “Данита” соода түйүнүндө жайгашкан, кийим тигүүчү цехтин үтүктөөчү бөлмөсүндө суу ысытуучу аристон, жыгач стол күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

---

2

3-АӨКБ

1 б

1

13:51

13:53

13:57

14:16

14:30

 

Свердлов району, Осмонкул көчөсү №164, Орус драм театрына караштуу, театралдык өндүрүү ишканасынын аймагында 130 чарчы метр курулуш таштандылар күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки чегүүдө этиятсыздык.

1ствБ

3

7-АӨКБ

1 б

1

20:08

20:24

---

20:30

21:10

 

Свердлов району, Аламүдүн 1 кичи району, №43 үйүнүн №46 батиринде, ашкана бөлмөсүндө  газ-плитада тамак-аш кароосуз калган.

---

4

5-АӨКБ

1 б

1

22:12

22:21

---

---

22:37

 

Октябрь району, 5 кичи району, №1 үйүнүн 28-батиринде, ашкана бөлмөсүндө  газ-плитада тамак-аш түтөгөн. Өрт тууралуу маалымат тастыкталган эмес.

---

5

3-АӨКБ

1 б

1

04:09

04:12

04:22

04:49

05:12

 

Свердлов району, Чүй жана Суюмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Даамдуу” фаст-фуд сатуучу жай толугу менен күйгөн,  аянты 20м2. Себеби: отко этиятсыздык мамиле кылуу.

1ств Б

Чүй облусу

6

1- ӨККБ

1 б

1

18:25

 

 

 

18:30

18:45

19:25

  19:48

0550880981

 

Аламудүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсүндө оор жүк ташуучу унаа КамАЗ үлгүсүндөгү мамлекеттик № В0076АХ менен “Тойота Прадо” үлгүсундөгү мамлекеттик №В0076АС унаа кагышып. Тойота үлгүсүндөгу унаа толугу менен күйгөн.  Натыйжада эки адам каза болгондор: 1973-жылы туулган А. Б,  баласы 2014-жылы туулган Б. уулу Р, жабыркагандар: Б.У жана төртүнчү кишинин аты жөнү такталууда.  Өрттүн себеби: жол кырсыгы.

2ствБ

Ош облусу

7

88-ӨККБ

1 б

1

11:25

11:54

11:56

12:34

13:18

 

Чоң-Алай району, Жекенди айыл аймагы, Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 121-чакырымында “Жигули” үлгүсүндөгү мамлекеттик №М916rusXA жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

8

103-ӨККБ

1 б

1

20:28

20:30

20:40

20:50

21:00

 

Өзгөн району, Куршаб айыл аймагынын, Куршаб айылы, Айбек Камчыбеков көчөсүндө жайгашкан ТП-302 көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу .

1ствБ

Ысык-Көл облусу

9

34-ӨККБ

1 б

1

12:58

13:01

13:06

14:30

15:25

 

Түп району, Түп айылы, Боронбай көчөсү №28, аянты 60 ч.м. дүкөн жана мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби:  электр жабдууларын куроодо  эреженин бузулушу .

1ствБ

Баткен облусу

10

26-АӨКБ

1 б

1

23:58

00:05

00:58

01:10

01:38

102

Баткен шаары, Базар-Башы айылы,  Султанмурат көчөсү №13, аянты 100 чарчы метр шифер жабылган эки кабат жыгач мал сарай жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

 

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Свердлов районунда 2018-жылдын 6-май күнү саат 13:32де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Салиев  көчөсүндөгү №143 үйүнүн 44-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1939-жылы туулган Ш.З.В. (аял киши) кожоюнунун жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Баткен облусу

Баткен районунда 2018-жылдын 4-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылынын тургуну 1999-жылы туулган Д. уулу И. (психикалык орукчан) үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине  КР ӨКМнин РӨКОнын  №3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын 25 куткаруучулары тартылган. 2018-жылдын 5-май күнү саат 10:20 чамасында жергиликтүү тургундар тарабынан Бектур жайлоосунан 1999-ж.т. Д. уулу И.  табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы