Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

17.04.2018

2018-жылдын 17-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!        

2018-жылдын 17-апрелинен 20-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы,  17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 17-20-апрелинде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт. 

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

         18-апрелинде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, 18-19-апрелдеринде Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн.

         18-20-апрелдеринде Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт.

         Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жаңы байлаган мөмөлөрүнө коркунуч келтирет.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 14-апрелинде №02-34/304-Т жана №02-34/305-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2018-жылдын 17-апрелинде республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

         Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 16-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 17-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

 

Ош облусу

         Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында 2018-жылдын 11-апрель күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кара-Дарыя №1 тилкесинде Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 га үлүш жерди, Өзгөн Девзира кооперативинин 234 га жерин суу каптаган жана ошондой эле Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 18 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган.

         Жээктерди бекемдөө үчүн КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 бульдозер, 1 экскаватор, 1 самосвал тартылган.

16-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамында, 18 каттам шагыл ташылган жана 60метр узундуктагы суу тосмо орнотулган.

Жээк бекемдөө иштери 17-апрелде улантылат.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

 

жетүү саат/м

 

чектөө саат/м

 

толук өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Чүй облусу

1

24-АӨКБ

1

11: 12

11:15

---

Жеткенге чейин

11:23

 

Токмок шаары, 3-кичи району, №5 үйдүн подъездинде электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

---

Ысык-Көл облусу

2

36-ӨКБ

1

14:04

14:07

14:12

17:50

18:07

 

Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Москва көчөсү №1, сарайдын 156 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп, 1 куб.отун, 2 тонна тезек жана 5 куб.курулуш устундары күйгөн. Өрттүн себеби: от менен иш жүргүзүүдө өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

1ствБ

Ош облусу

3

103-ӨКБ

1

19:02

19:45

19:50

21:03

21:30

 

Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Жаман-Адыр айылы, сарайдын ичинде 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

Кол кара. м/н

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Ленин районунда 2018-жылдын 16-апрелинде саат 07:25де Ала-Тоо-2 жаңы конуштун Кызылчак көчөсүнүн №42-дарегинде  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары дааратканага түшүп кеткен итти чыгарып беришкен.

Октябрь районунда 2018-жылдын 16-апрелинде саат 17:12де  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Беларус көчөсүндөгү №2/3 үйүнүн 37-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда  2018-жылдын 16-апрелинде саат 17:45те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Абдраманов көчөсүндөгү №101 үйүнүн 100-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 2018-жылдын 16-апрелинде саат 10:45те  КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары ЖЧК “Марипов” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын 17-апрелинде саат 03:36да   КР ӨКМнин №58-өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Көк-Арт кичи районунун Р.Азимов көчөсүндөгү №45б үйүнүн 6-батиринин  жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы