Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

11.04.2018

2018-жылдын 11-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү! 

2018-жылдын 11-апрель күнү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2018-жылдын 11-апрелинде туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7…12°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

11-12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 6-апрелинде №02-34/276-Т жана №02-34/277-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2018-жылдын 11-апрелинде Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

         11-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 10-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 11-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

 

Жалал-Абад облусу

         Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында 2018-жылдын 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Булак” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган. Жээкти бекембөө үчүн айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч тартылган.

         10-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамында дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жээкти бекембөө иштери улантылууда.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

 

Катар №

Бөлүм №

Өрттүн

категориясы

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги,маалыматы,өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

5-АӨКБ

1

22:05

----

----

----

22:15

 

Октябрь району, Горький көчөсү  №50, үйдүн жер төлөөсүнөн түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бөлүм жолдон кайткан, өздөрү өчүрүп алышкан.

кол каражат

Чуй облусу

2

2-ӨКБ

1

22:48

22:52

23:03

23:17

23:29

 

Кайынды шаары, Киров көчөсүндө электр зым карагайы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ств Б

Ош облусу

3

66-ӨКБ

1

15:35

16:10

16:25

16:40

18:00

 

Кара-Кулжа району, Тоготой айыл аймагы, Жийде айылы, Жаңы-Чек көчөсү, 7 чарчы метрдеги жыгач устундуу шифер менен жабылган мончонун чатыры жана 5 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ств Б

4

66-ӨКБ

1

22:25

22:35

22:45

22:55

23:10

 

Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айыл аймагы, Кара-Кулжа айылы, Миң-Өрүк тилкеси, турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү

1ствБ

Жалал-Абад облусу

5

20-АӨКБ

1

19:50

19:55

----

20:00

20:30

 

Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсүндө “Деу Матис” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 02647ААН унаасы күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Кол каражат

7

81-ӨКБ

1

 

20:50

21:15

 

21:50

22:09

 

21:55

 

22:57

 

00:51

00:51

 

Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Башкы-Терек айылы, Ынтымак көчөсү, жыгач устундуу тунуке менен жабылган чөп кананын 85 чарчы метр чатыры жана 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыздык мамиле кылуу.

1ств Б

8

20-АӨКБ

1

21:55

22:25

----

----

23:05

 

Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү №51, электр зымдары түтөгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

----

Куткаруу кызматы тарабынан 1 чыгуу болду:

Ош шаары

2018-жылдын 10-апрелинде саат 11:54тө  КР ӨКМнин  Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Курманжан Датка көчөсүндөгү №226 үйүнүн 77-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы