Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

10.04.2018

2018-жылдын 10-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү! 

2018-жылдын 10-апрелинен 11-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2018-жылдын 10-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

2018-жылдын 10-11-апрелинде туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7…12°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

11-12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 6-апрелинде №02-34/276-Т, №02-34/277-Т жана №02-34/278-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2018-жылдын 10-апрелинде Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

         Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 9-апрель күнү саат 18:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 10-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

 

Жалал-Абад облусу

         Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында 2018-жылдын 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Булак” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Кооптулук жаралган аймака айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч жана 1 КамАЗ  тартылган.

         9-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 4 каттам кыркылган таш ташылып, дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 10-апрелде иш-чаралар улантылат.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

5-АӨКБ

1 б

1

20:40

20:50

----

Жеткен. чейин

21:55

 

Октябрь району, 6-кичи районундагы №17 көп кабаттуу турак үйдүн жанында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү  мамлекеттик №B70-20AF  жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү түтөгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

----

Ош шаары

2

12-АӨКБ

1 б

1 б

1

 

15:19

15:28

 

15:23

15:33

 

15:38

 

16:14

 

16:37

15:56

 

Ленин көчөсү №488, “Тешик-Таш” ашканасынын 50 чарчы метр жыгач устундуу шифер  жабылган чатыры, 30 чарчы метр  шыбы, 2 даана эшик, 3 даана терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

3

13-АӨКБ

1 б

1

22:40

22:44

----

22:47

23:47

 

Салиева көчөсүндө “Деу-Тико” үлгүсүндөгү мамлекеттик №D54-08Т жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Нарын  облусу

4

42-ӨКБ

1 б

1

10:08

10:12

10:24

12:12

12:20

 

Кочкор району, Теңдик айылы, Бейшеев көчөсү №32, бастырмада жыйылган 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

Баткен облусу

5

62-ӨКБ

1 б

1 б

1

 

18:44

18:58

 

18:52

19:03

 

19:40

 

20:14

 

21:10

19:45

 

Кызыл-Кыя шаары, Гагарин көчөсү №11,  турак үйдүн 108 чарчы метр жыгач устундуу шифер  жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

3ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Ленин районунда 2018-жылдын 9-апрель күнү саат 17:55де  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бейшеналиев көчөсүндөгү №29 үйүнүн 44-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ленин районунда  2018-жылдын 9-апрель күнү саат 20:25те  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Жал кичи районундагы №11 үйүнүн 70-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда 2018-жылдын 9-апрель күнү саат 22:14тө  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары  Гоголь көчөсүндөгү №96 үйүнүн 65-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Майлуу-Суу шаарында 2018-жылдын 9-апрель күнү саат 19:00до КР ӨКМнин  №83-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Майлуу-Суу дарыясынан табылган 1997-жылы туулган М. А. жансыз денесин чыгарышып, шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Кара-Көл шаарында 2018-жылдын 9-апрелинде саат 22:20да Бишкек-Ош  унаа жолунун 407-чакырымында (Сүттү-Булак тилкесин)  “MAN” үлгүсүндөгү мамлекеттик №07KG 627AAA оор жүк ташуучу унаа менен “Ауди-А4” үлгүсүндөгү мамлекеттик №Z90-99Z жеңил унаа кагышкан.

Жол кырсыгынан жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге  КР ӨКМнин №94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. 

Баткен облусу

Лейлек районунда 2018-жылдын 9-апрелинде саат 09:45те  КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Акбулак көмүр” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы