Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

06.04.2018

2018-жылдын 6-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу дагы да сакталууда! 

         2018-жылдын 6-апрель күнү аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-129, 198-250-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 2-апрелинен 11-апрелине чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 28-мартында №16 буйругу чыккан.

КР ӨКМнин жетектеген ыкчам топ жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 5-апрелинде Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) саат 12:18ден 12:55ке чейин 18 даана снаряд атып, анын жыйынтыгында 103 000 м3 кар көчкү түшүрүшкөн.

Саат 14:45тен саат 15:00гө чейин 9 снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес.

Жалпы 27 даана снаряд атылып, 103 000 м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

КР ӨКМнин ыкчам топ жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында жайгашып калышкан.

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары улантылат.

 

2018-жылдын 6-апрелинде республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

  Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 5-апрель күнү саат 18:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 6-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

 

Жалал-Абад облусу

         Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусунда 2018-жылдын 30-мартынан баштап Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Тайгараев аймактык башкаруусундагы №9 дамбанын жээгин жеп кетүү жана Кыргызстан айылындагы болжол менен 80ден ашуун турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Жээкти бекемдөө үчүн  Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 1 бирдик жүктөгүч тартылып.

2018-жылдын 5-апрель күнү дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 13:00дө иш-чаралар толугу менен аяктаган.

Жалпы 37 метр убактылуу тосмо (шпора) курулган.

 

         Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын 2018-жылдын 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Булак” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Жээкти бекемдөө үчүн  айыл аймак тарабынан 1 даана жүктөгүч жана 2 Камаз тартылган. 5-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 6 каттам кыркылган таш ташылып, дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жээкти бекемдөө иш-чаралары улантылууда.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

6-АӨКБ

1 б

1

23:19

23:21

----

23:37

23:48

 

Биринчи Май району, Волков көчөсү №153-үйдүн жанындагы таштанды таштоочу жайда таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Чүй облусу

2

2-ӨКБ

1 б

1

11:10

11:12

1 1:58

12:33

12:50

 

Панфилов району, Кайыңды шаары, Трудовая көчөсү №19, турак үйдүн 30 чарчы метр  дубалы жана жумшак эмерек,  стол, шкаф күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

3

3-АӨКБ

1 б

1

15:58

16:08

17:03

17:11

17:30

 

Аламүдүн району, Бакай-Ата жаңы конушу, Заводская көчөсү, ачык аянтта 80 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

4

23-АӨКБ

1 б

1

15:55

16:00

16:10

17:20

17:50

 

Сокулук району, Сокулук айылы, Набережная көчөсү №19а, турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

5

1-ӨКБ

1 б

1

15:58

16:11

16:20

16:25

16:45

 

Аламүдүн району, ГЭС-3, ачык аянтта 0,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Ош облусу

6

53-ӨКБ

1 б

1

12:51

13:40

13:55

14:30

15:30

 

Өзгөн району, Алтын-Булак айыл аймагы, Чечебай айылы, Чожоев көчөсү №16, жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 16 чарчы метр чатыры жана 10 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

Жалал-Абад облусу

7

81-ӨКБ

1

07:55

08:03

08:08

08:35

09:00

 

Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Каныш-Кыя айылы, Кушбаев көчөсү, ишке киреэлек бала бакчанын жыгач устундуу шифер менен жабылган 630 чарчы метр  чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Талас облусу

8

101-ӨКБ

1

02:08

02:24

03:25

03:52

04:15

 

Талас району, Көк-Канат айылы, Мамбеталы көчөсү №53, эки кабаттуу сарайдын жыгач устундуу шифер менен жабылган 50 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

Чүй облусу

Аламүдүн районунун Лебединовка айылында 2018-жылдын 5-апрель күнү саат 15:59да  КР ӨКМнин №1-өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жеңиш проспектисиндеги №19А үйүнүн 12-батиринин жабылып калган эшигин ачууга чыгышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин үй ээси эшикти өз алдынча ачып алган.

Талас облусу

Талас районунда 2018-жылдын 6-апрелинде саат 05:00 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 110-чакырымында (Өтмөк  ашуусу) “Howo” үлгүсүндөгү мамлекеттик №01/228ACQ оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган  айдоочуну 1991-жылы туулган Э.Ж.И. чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы