Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

05.04.2018

2018-жылдын 5-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү! 

         2018-жылдын 5-апрелинен 6-апрелине чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-129, 198-250-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 2-апрелинен 11-апрелине чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 28-мартында №16 буйругу чыккан.

КР ӨКМ жетектеген ыкчам топ жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 4-апрелинде Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында саат 12:50дөн 13:15ке чейин 10 даана снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес.

Саат 13:50дөн саат 14:50гө чейин 223-чакырымда 16 снаряд атылып, 29000 м3 кар көчкү түшкөн.

Саат 15:40тан саат 16:20га чейин 231-чакырымында 10 даана снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес.

Жалпы 36 даана снаряд атылып, 29 000 м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында жайгашып калышкан.

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 5-апрелинде улантылат.

 

2018-жылдын 5-апрелинде Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

  Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 4-апрель күнү саат 21:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган жана чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 5-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунда 2018-жылдын 3-апрелинде саат 17:30 чамасында Кайырма-Арык айылынын тургуну 2013-жылы туулган Э. Аширов үйдөн чыгып тоону көздөй бет алган боюнча кайра үйүнө кайтып келген эмес. Дайынсыз болгон күнү өз күчтөрү менен ата-энеси жана туугандары издешип, бироок жыйынгы чыккан эмес.

         Издөө иштерине КР ӨКМнин Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 22 куткаруучу, РИИБнен 80 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 150 адам тартылып. 2018-жылдын 4-апрель күнү издөө иш-чараларын натыйжасында, саат 18:30 чамасында Кайырма-Арык айылынынан 4 чакырым алыстыкта тоо жактан токойчулар тарабынан тирүү табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Абалы канааттандырарлык.

Баткен облусу

Баткен районунда 2018-жылдын 1-апрелинде  Ак-Сай айылынын 2 тургуну (1959-ж.т. М.К., 1960-ж.т. А.И.), Бишкек шаарынын тургуну (1960-ж.т. Ж.С.) жана Казакстан Республикасынын жараны (1960 ж.т. Лю.А.) Ак-Сай айылынын жанында чатырды тигип, Суксурлук тилкесинде мумие теришкени чыгышкан. Үч жаран тигилген чатырга кайтып келген, Лю.А. белгисиз себептер менен кайтып келген эмес. Өз күчтөрү менен издешип жыйынтык чыкпагандыгынан 2018-жылдын 4-апрелинде КР ӨКМне маалымдаган.

Издөө иштерине КР ӨКМнин РӨКОнун №3-издөө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу тартылып. 2018-жылдын 4-апрелинде издөө иш-чараларын натыйжасында, аталган аймакта жүргөн туристтер менен Лю А. жолугуп, уюлдук телефон аркылуу байланышка чыгып, куткаруучуларга жолуккан. Абалы канааттандырарлык. Андан сырткары, куткаруучулар жоголгон А. Люну Ак-Сай айылындагы чек ара кызматынын заставасына териштирүү иш-чараларын жүргүзүүгө чек ара жана КР УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришип, туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.  

 

Жалал-Абад облусу

         Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусунда 2018-жылдын 30-мартынан баштап Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Тайгараев аймактык башкаруусундагы №9 дамбанын жээгин жеп кетүү жана Кыргызстан айылындагы болжол менен 80ден ашуун турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Жээкти бекемдөө үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 1 экскаватор, 2 жүктөгүч жана 2 Камаз тартылган.

4-апрель күнү 4 каттам таш бетондор ташылып, жээк бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 5-апрелде иш-чаралар улантылат.

         Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагы 2018-жылдын 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Булак” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Жээкти бекемдөө үчүн Айыл аймагынан 1 даана жүктөгүч тартылып.

         2018-жылдын 4-апрель күнү 2 каттам кыркылган таш ташылып, дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 5-апрелде иш-чаралар улантылат.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

4-АӨКБ

28-АӨКБ

1

06:56

 

07:29

07:06

 

07:45

07:52

08:56

09:22

 

08:33

 

Ленин району, Боронбаев көчөсү №67, жыгач устундуу темир жабылган 100 чарчы метр  бастырманын чатыры, 5 жыгач эшик, 5 даана пластик терезе, 2 даана сыналгы, муздаткыч, микроволновка, муз.центр, кир жуугуч машина (автомат), кондиционер, 5 даана үй эмеректери, кийим кечелер күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

2ствБ

2

3-АӨКБ

1

11:32

11:47

---

---

12:02

 

Свердлов району, Семашка көчөсү №9, турак үйүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат тастыкталган  эмес.

---

Ош шаары

3

12-ӨКБ

1

01:45

01:49

01:53

02:17

03:02

 

Навои көчөсү №жок, балдардын ойноо аянтында балмуздак сатуучу дүкөнчө 12 чарчы метр  чатыры, 2 муздаткыч, 16 чарчы метр рейка күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ош облусу

4

102-ӨКБ

1

09:57

10:01

10:05

10:47

10:55

 

Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы, Маданият айылы, турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

5

71-ӨКБ

1

22:17

22:31

---

Жеткенге чейин

23:10

 

Ноокат району, Мирмахмудов айыл аймагы, Барын айылы, мечиттин ичинде түтүн чыккан. Өрт өчүрүү бөлүмү жеткенге чейин өчүрүп калышкан.

---

Жалал-Абад облусу

6

 

 

20-АӨКБ

1

23:10

23:30

---

Жеткенге чейин

00:05

 

Сузак району, Благовещенко айылы, канаттууларды кармоочу өндүрүш жайында өрт чыккан. Өрт өчүрүү кызматкерлери жеткенге чейин,  өрт өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

---

7

46-ӨКБ

1

23:40

23:48

23:55

00:20

00:30

 

Тогуз-Торо району, Каргалык айыл аймагы, Тагай жер тилкеси, жолдун жээгинде 0,5 гектар камыш күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

8

81-ӨКБ

1

23:45

00:02

00:00

00:19

00:10

 

02:20

03:50

03:55

 

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Каныш-Кыя айылы, Кушбаев көчөсү, Бала бакчанынын 630 чарчы метр  жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

Чүй облусу

9

21-АӨКБ

1

11:07

11:17

11:27

11:47

12:00

 

Чүй району, Чүй айылы, Мельничная көчөсү, мүрзөнүн аймагында 3 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Кол каражаттары менен

Баткен облусу

10

76-ӨКБ

1

14:34

14:37

14:42

15:05

15:36

 

Кадамжай району, Пульгон айылы, Звездная көчөсү №2 жана №3-турак үйлөрүнүн арасында 12 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Талас облусу

11

93-ӨКБ

1

15:27

15:50

17:00

19:05

19:53

0700

59-70-59

Бакай-Ата району, Наматбек айылы, Күмүштак Өзөнү капчыгайы, 15-чакырымында жолдун жээгинде чычырканактын жалпы аянты 1,5 гектар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

12

17-АӨКБ

1

16:31

16:43

 

16:34

16:46

17:13

18:07

18:35

18:02

0709

47-96-85

Талас шаары, Нуржанов көчөсү, жайкы “Бермет” кафеде өрт чыгып, муздаткыч, аристон, газ.плитасы күйгөн,  кафенин жалпы аянты 300 чарчы метр. Өрттүн натыйжасында 1991-жылы туулган  А.Н. жарадар болуп, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежесинин бузулушу.

2ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2018-жылдын 4-апрелинде саат 09:08де  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 11-кичи районунун №22 үйүнүн 58-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда 2018-жылдын 4-апрелинде  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Жибек-Жолу көчөсүндөгү №491 үйүнүн 6-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Октябрь районунда 2018-жылдын 4-апрелинде саат 18:40та  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районунун №2/2 үйүнүн 45-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

2018-жылдын 4-апрелинде саат 15:10до КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары  Мамасалиев көчөсүнүн №66 үйүнүн 21-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинен 1970-жылы туулган К.В.А. (аял киши) аттуу жарандын жансыз денеси чыккан. Жансыз денени ИИМ кызматкерлерине тапшырылып берилген.

Чүй облусу

Токмок шаарында 2018-жылдын4апрелинде саат 10:26да  КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 1-кичи районундагы №6 үйүнүн 26-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1957-жылы туулган М.Б.М. (эркек киши) аттуу жарандын жансыз денеси чыккан.  Жансыз денени ИИМ кызматкерлерине тапшырылып берилген.

Жайыл районунун  Кара-Балта шаарында 2018-жылдын 4-апрелинде сааат 14:44тө  КР ӨКМнин №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Гвардейская көчөсүндөгү №30 турак үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы