Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

04.04.2018

2018-жылдын 4-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү!

         2018-жылдын 3-апрелинен 4-апрелине чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Арал-Суусамыр унаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-90 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 30-мартында №02-34/253-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-129, 198-250-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 2-апрелинен 11-апрелине чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 28-мартында №16 буйругу чыккан.

КР ӨКМнин ыкчам топ жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын 1 артиллериялык эсеп 2018-жылдын 3-апрель күнү аба-ырайынын туман болгондугуна байланыштуу кар көчкүнү  түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес.

Артиллериялык тоб Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөп калышкан.

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 4-апрелинде башталат.

 

2018-жылдын 4-апрелде республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй өрөөнүндө 14 метрге  чейин жетиши күтүлөт.

 

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа тыгындарын алдын алуу максатында, 2018-жылдын 3-апрель күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган жана чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 4-апрелинде саат 06:00дө коюлган чектөө алынган.

 

Жалал-Абад облусу

         Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусунда 2018-жылдын 30-мартынан баштап Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Тайгараев аймактык башкаруусундагы №9 дамбанын жээгин жеп кетүү жана Кыргызстан айылындагы болжол менен 80ден ашуун турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Кырсыкты болтурбоо максатында Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 2 КамАЗ тартылып. 2018-жылдын 3-апрель күнү 8 каттам таш бетондор ташылып, жээк бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жээкти бекемдөө иш-чаралары уланууда.

         Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын 2018-жылдын 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Булак” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Кырсыкты болтурбоо максатында айыл аймагынан 2 даана КамАЗ, 1 даана жүктөгүч тартылып, 2018-жылдын 3-апрель күнү 15 каттам кыркылган таш ташылып, дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жээкти бекемдөө иш-чаралары уланууда.

Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 27-март күнү саат 22:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Союл суусунун деңгээли көтөрүлүп, Казарман-Акталчат унаа жолунун (Ак-Союл тилкеси) 18 жана 25-чакырымдарын жууп кеткен. Унаа жолу ачык.

Жолду калыбына келтирүү үчүн №18 жол тейлөө ишканасынан  2 грейдер, 1 УАЗ үлгүсүндөгү унаа жана 7 кызматкер тартылып, 2018-жылдын 3-апрель күнү Ак-Союл суусу жээгин бекемдөө жумуштары жүргүзүлүп, толугу менен аяктаган.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

         Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2018-жылдын 3-апрелинде саат 14:14тө Кытай мамлекетинин аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

         Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл,  Икизяк айылында 4 балл, Сопу-Коргон, Сары-Таш, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Жар, Кан-Коргон, Чычырканак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

3-АӨКБ

1

21:10

21:16

--

---

21:52

 

Свердлов району, Чүй  проспектисинде №92 “Чынар” соода борборунун имаратынын 5-кабатынан түтүн чыгып жатат деген маалымат түшкөн.   Өрт боюнча маалымат  тастыкталган жок.

---

Чүй облусу

2

27-АӨКБ

1

13:09

13:23

13:19

13:34

13:33

 

15:35

16:50

16:50

 

Ысык-Ата району, Покровка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан №16-турак үйдүн  жыгач устундуу шифер менен жабылган 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдуулары куроодо эреженин бузулушу.

4ствБ

Ысык-Көл облусу

3

15-АӨКБ

1

07:25

07:26

07:33

07:55

08:15

 

Каракол шаары, Карасаев көчөсүндөгү №229-турак үйдүн 28 чарчы метр болгон бастырмасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

4

19-АӨКБ

1

10:27

10:38

10:42

10:48

11:27

 

Балыкчы шаары, Озерная көчөсүндө темир жолдун жээгиндеги аянты 1200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

5

31-ӨКБ

1

14:12

14:27

14:40

15:15

15:20

 

Ысык-Көл району, Баетов айылынын Каралаев көчөсүндөгү №4-турак үйдүн айланасында 1га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

6

19-АӨКБ

1

16:57

17:09

17:50

20:22

21:08

 

Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылынын Чоробаев көчөсүндөгү ачык аянтта 8 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

Ош облусу

7

68-ӨКБ

1

23:08

01:11

01:26

01:50

03:57

 

Алай району, Үч-Дөбө айыл аймагы, Ак-Босого айылындагы турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1 ств Б

8

13-АӨКБ

1

03:34

03:44

03:55

04:04

04:36

 

Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы, 1-Кош-Таш көчөсүндөгү №60-турак үйдүн бөлмөсүнүн шыбы, терезеси жана төшөктөр күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки таартуудагы этиятсыздык.

Кол каража

тар м-н

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

1-Май районунда 2018-жылдын 3-апрелинде саат 16:00до  КР ӨКМнин  Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын  куткаруучулары Балтыгулов көчөсүнүн №2/1 үйүнүн 12-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен

1-Май районунда 2018-жылдын 3-апрелинде саат 23:55де Жал кичи районундагы №37 үйүнүн 45-батирдин  эшигин 3 жашар бала жаап алган.  КР ӨКМнин  Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын  куткаруучулары жеткенге чейин батирдин кожоюндары  өз күчү менен эшикти ачып алышкан. 

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунун Торкент айыл аймагында 2018-жылдын 4-апрелинде саат 02:05 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында жол кырсыгы катталган.

Окуя болгон жерге  КР ӨКМнин №97-өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барганга чейин унаанын ичинде адамдарды медициналык кызматкерлер алып кетишкен. Жол кырсыгынан үч адам жабыркаган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы